www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул окуя өткөн айдын 14-январында жекшемби күнү болгон. Кошунам Ороков Адашбек экөөбүз Кыр-Найза айылындагы мечиттен бешим намазын окуп үйүбүзгө баратканбыз. Жолдон Жошолу айыл өкмөтүнүн кызматкери Кебекбаев Бактыбай бизди токтотуп калды. Ал: “силердин айылдагы адамдар акча чогултса, айыл өкмөтү да жардам берип, мечиттин айлана-тегерегин тоссок жакшы болот эле” деп калды. Адашбек экөөбүз чынын айтсак, ага алкыш айтып, мындай жакшы демилгени колдой турганыбызды билдирдик.

Бактыбай кызуу экен, оозунан арак жыттанып турду. Басып кетели дегенге болбой, бизди кетирбей туруп алды. Маегибиз бир топко чейин уланды. Сөзүбүз уланып отуруп, мечит пайдаланууга берилип жатканда биздин айылдын адамдары чогулткан акчалары, кимдер бергендиги, кимдердин бербегендиги жөнүндө тууралуу болуп кетти. Мен Жакишев Мати аттуу агамдын бала-чакасы мечит үчүн 10 миң сом акча кошкондугун айттым. Бактыбай аны эстей албай:

— Эсеке, Жакишевдердин акчасын мага качан бердиң эле, — ​деп калды.

— Бактыбай, ал акчаны мен маркум Баиттин кыркында сенин өз колуңа бергемин, — ​дедим.

— Жок, мен ал акчаны алган эмесмин!

Бактыбай көз-көрүнөө эле танып кетти.

Мен анын сөзүнө таң калып:

— Бактыбай, Баиттин кыркы өтүп жатканда элдин, күбөлөрдүн көзүнчө 10 миң сом акчаны санап бергемин, — ​дедим.

— Жок, мен ал акчаны алган эмесмин!

Ал танган сөзүн кайра кайталады.

— Бактыбай, кой антпе, Сен азыр мас экенсиң, — ​десем:

— Сен эмне мурда ичпей жүрдүң беле! Качантан бери эле молдо болуп калдың- деп мага ынтылып калды.

Менин да ачуум келип:

— Бактыбай, сен менин балам менен эле теңсиң. Атаңдай болгон адамдарга мындай мамиле жасабай жүргүн! Экөөбүз соо болгондо сүйлөшөлү, — ​деп айткан учурда Адашбек Ороков ортого түшүп:

— Экөөңөр тең койгула, Эсеке, кой үйгө кеттик, — ​деп мени жетелеп кетти. Адашбек экөөбүз бир аз узаганда Бактыбай мени адам оозго алгыс балит сөздөр сөгүп, аягында оозго алгыс сөздөрдү узатты.

— Сен щеноксуң, — ​деп жооп берип, кайрылбай басып кеттим.

Үйгө барып ызама чыдай албай, айыл өкмөттүн башчысы Абдырахманов Туратка телефон чалып:

— Турат, сенин кызматкериң Кебекбаев Бактыбай көчөдө мас болуп жүрөт го. Кызуу экен, Адашбектин көзүнчө менин намысыма тийген ыплас сөздөр менен сөктү. Бактыбайдын абалын өз көзүң менен көрүп кой. Ал мас жүргөнүн танып кетет, — ​деп айттым. Ал телефондон:

— Макул, азыр барып көрүп келем, — ​деп жооп айтты.

Эртеси мен кечээги болгон окуяда Кебекбаев Бактыбай 10 миң сом акчаны маркум Баиттин кыркында элдин арасында өз колуна бергендигимди танып кеткендиги, анын көчөдө мас болуп жүргөндүгү, Адашбек Ороковдун көзүнчө менин намысыма тийген сөздөр менен сөккөндүгү тууралуу Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы Абдырахманов Тураттын атына арыз жазып, колуна карматтым. Ал арызды окуп бүткөндөн кийин мен:

— Турат, кечээ телефондон “Бактыбайдын абалын өз көзүң менен көрүп кой. Ал мас жүргөнүн танып кетет” деп айттым эле. Анын ахбалын көрдүңбү?-деп сурадым. Айыл өкмөтүнүн башчысы:

— Эй, Эсенбай аке, кечээ дем алыш эле, иш күн болбосо, мен ар бир кызматкердин артынан жүрө албаймын да… - деп жооп берди.

Мен ага:

— Алган акчаларын танып кеткен, көчөдө мас болуп жүргөн, элдин көзүнчө менин намысыма тийген сөздөр менен сөккөн адам мамлекеттик кызматта иштегенге акысы бары?- деп сурадым.

Ал бир топко чейин унчуга албай калды да:

— Мен сизге өзүбүздүн участковыйды жөнөтөм, — ​деп жооп берди.

Мен контордон чыгып кеттим.

Мен “Бактыбай өзү келип: Эсеке, масчылыкта оозуман жаман сөздөр чыгып кетиптир, мени кечирип коюңуз, — ​деп айтса керек” деген ойдо элем. Менин алдыма эч ким басып келген жок.

Ошол ошол болду, 6-февралда гана үйүмө участковый келди. Ал:

— Сиз айыл өкмөткө арыз жазган экенсиз. Мен ошол боюнча келдим, эмне болду эле-деген суроо берди. Мен ага:

— Арызды 15-январда бердим эле. Аны 22 күндөн кийин текшересиңерби?-деген суроо узаттым.

Участковый:

— Буудалыкта мергенчи жоголуп, ошону менен жүрдүк эле. Мен Кебекбаев Бактыбайды алдыңызга алып келип, кечирим суратайын, — ​деп жооп берди.

Мен:

— Кебекбаев кечирим сурабай эле койсун, мыйзам алдында жооп берсин!-деп койдум. Участковый менин телефонумдун номерин жазып кеткен.

Чынын айтсам, мен бул ишти ырбатайын деген оюм деле жок болчу. Бирок, жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн карапайым адамдардын кайрылуусуна кайдигер карагандыгына өтө капа болдум. Мага окшогон жөнөкөй адамды жөөлөп жаткандыгына караганда Бактыбайдын колдоочулары өтө чоң адамдар окшойт…

Эсенбай АДЫҢОВ,

Алай районундагы Жошолу айыл өкмөтүнүн Кыр-Найза айылынын тургуну. Кыргыз Республикасынын билим берүү мыктысы.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости