www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарындагы көп кабаттуу эски үйлөрдүн ордуна жаңы, көп батирлүү үйлөрдү куруу программасы даяр болгонун билдирди.

“Мамлекет бул иштен акча табайын деген жок. Болгону эски үйлөрдө жашап жаткан жарандардын турак жайын жаңылап берүү. Ошол эле учурда жылдан-жылга жер азайып баратат. Ушундан улам эски үйлөрдүн ордуна жаңы комплекстерди салышыбыз керек”, — деди ал.

Буга чейин негизинен борбордогу “сталинка”, “хрущевка” деп аталган үйлөр жаңыланары айтылган.

Последние новости