www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия талибдердин өкмөтүнүн инаугурациясына катышпайт

Орусия талибдердин өкмөтүнүн инаугурациясына катышпай турганын РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Орусия инаугурацияга катышпайт", — деген Песков.

Белгилей кетсек, буга чейин "Талибан"* кыймылындагы маалымат булагы РИА Новостиге 11-сентябрда өтө турган Афганистандын өкмөтүнүн инаугурациясына Орусия, Кытай, Катар, Түркия, Пакистан жана Иран чакырылганын билдирген.

"Талибан"* кыймылы үч ай мурда активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул коё баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы 20 жылга созулган согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти.

Эске салсак, сентябрдын алтысында талибдер буга чейин баш ийбей келген Панжшер аймагын алдык деп билдирген. Бирок аталган аймактын лидери Шах Масуд провинциянын баары багынып бербегендигин билдирген. Каршылык көрсөтүүчү күчтөр талибдер менен партизандык согушка өткөндүгүн айтышкан.

* — Кыргызстан, Орусия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости