www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия жаңы акча чыгара баштайт

Орусиянын Борбордук банкы 100 рубль номиналындагы жаңы банкнотту чыгарууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Известия гезити жазат. Регулятордун төрагасынын орун басары Михаил Алексеевдин айтымында, жаңы 100 рублдин эскизи бекитилген. Атап айтканда, банкнота Москванын символдорун - Кызыл аянтты, Зарядье паркын, Шухов мунарасын жана Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин имаратын чагылдырат. Ал белгилегендей, жүз рублдик купюра 2022-жылы жүгүртүүгө чыгарылат.

Мында төлөм жүгүртүүсүнүн жаңыртылган банкнотторго каныкуусу акырындык менен ишке ашат, анткени кредиттик мекемелерге эсептөө жана сорттоочу машиналар менен банкоматтарды конфигурациялоо үчүн бир нече ай керек болот.

Эске салсак, мартта Орусиянын Борбордук банкы 2022-2025-жылдар аралыгында алты номиналдагы модернизацияланган банкноттордун эмиссиясын жарыялаган - 10, 50, 100, 500, 1000 жана 5000 рубль. Ар башка федералдык округдардын борборлорунда жайгашкан объекттердин сүрөттөрү жаңы банкноттордун алдыңкы бетине, ал эми кооз жерлери арткы бетине чыгарылат. Мындан тышкары, ар бир номиналдагы банкнотага өзүнүн уникалдуу сериялык номерин ыйгаруу пландалууда. Жаңыртылган банкноттор жаңы түскө ээ болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости