www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет дары -дармектердин ашыкча баасы боюнча козголгон кылмыш иштерин териштирип, бааны төмөндөтүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууда. Бул тууралуу мекеменин басма сөз борбору билдирет.
"УКМКнын жана министрлер кабинетинин мекеме аралык жумуш тобу аныкталган маселелерди талдоодо, ошондой эле, бирдиктүү мамлекеттик стратегия иштеп чыгууда жана дары-дармектердин баасын төмөндөтүү жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча натыйжалуу чараларды көрүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда, параллелдүү түрдө фармацевтикалык компаниялардын тобуна - дары-дармек импорттоочуларга карата сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. "Бул компаниялар контролдоочу мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдарынын макулдашуусу жана патронажы менен, салык төлөөдөн качуу үчүн, импорттук дары-дармектин чыныгы баасын жашырып, дары-дармектерди сатууда баанын болжолдуу экендиги аныкталган"
Эске сала кетсек, буга чейин аталган кылмыш ишинин алкагында Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлери жана фармацевтикалык компаниялардын кызматкерлери кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилгени маалымдалган.
Булак: NazarNews.kg