www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Химиялык курал колдонуусунан улам Орусия менен Сирияга карата жарыяланган чектөөлөрдү Европа Биримдиги дагы бир жылга, 2022-жылдын 16-октябрына чейин узартты. Бул тууралуу Еврошаркеттин расмий интернет сайтында кабарланат. Чектөө тизмесине 15 киши кошулду. Алардын ону - орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйды, Сергей Скрипалды жана анын кызы Юлияны "Новичок" химиялык заты менен ууландырган деп шек саналгандар.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников, президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Сергей Кириенко, президенттин алдындагы ички саясат башкармалыгынын төрагасы Андрей Ярин баштаган бир нече күч органдарынын жетекчилери бул санкциялардын тизмесинде. Алар Еврошаркеттин аймагына кире албайт, Европа чөлкөмүндөгү бардык банк  эсептери жабылды.

Чектөөлөргө айрым мекемелер да кирет. Орусиядагы Органикалык химия-технологиялык мамлекеттик изилдөө институту Евршаркеттин каржылык колдоосун ала албайт. Сириянын илимий изилдөө институтунун беш окумуштуусу санкция тизмесине кошулду.

Еврошаркет алгачкы чектөөлөрдү 2018-жылы Британиянын Солсбери шаарында Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлия ууланганда киргизген. Андан соң 2020-жылдын август айында Томск шаарынан Москвага учуп бараткан Алексей Навальный ууландырылып, эсин жоготкондо чектөөлөр узартылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости