www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан коронавирус жуктургандардын саны боюнча дүйнөлүк рейтингде 93-орунда турат. Бул тууралуу брифинг учурунда «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов билдирди. Анын айтымында, вирус жуктургандардын саны Кыргызстанда 180 миң жана каза болгондордун саны 2620 адам.

«Дүйнө жүзүндө 2,8 млрд (35,3%) адам эмдөөдөн өткөн, эмдөөнүн пайызы 40тан ашык мамлекетте 60-74%га жетсе, КМШ өлкөлөрүндө 30% гана», - деди ал. Касымов белгилегенлей, 2019-жылдын аягында пайда болгон коронавирус андан бери бир нече жолу мутация болгону менен байланыштуу, мындан ары бала кандай өнүгөөрүн божомолдоо кыйын.

«Күз-кыш мезгилинде вирус жуктуруп алуу тобокелдиктери күчөй баштайт. Андыктан, алдын алуу чараларын сакташыбыз керек: беткап тагынып, колду жууп же антисептик колдонуп, социалдык аралыкты сактоо да зарыл», - деп кошумчалады Омор Касымов. Сөзүнүн аягында ал дарыгерлерди, мугалимдерди, калкты тейлеген адамдарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости