www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда эмгек мигранттарына жеңилдик берүү каралууда

Орусиянын Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министриги өлкөгө курулушта иштеген эмгек мигранттарын жеңилдетилген шартта киргизүү боюнча сунуш даярдап, өкмөттүн кароосуна жөнөттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта пандемиядан улам жумуш күчү тартыш болуп жатканы, бул чара көптөгөн объектилердин курулушун баштоого жана пайдаланууга берүү мөөнөтүн тездетүүгө жардам берери айтылат.

Министрлик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн сакталышына кепилдик берген уюмдарга гана жеңилдик берилерин белгилейт. Чет өлкөлүктөр сапарга чыгардан мурун ПЧР-тест тапшырышы керек.

Жеңилдик алган компаниялар, уюмдар чет өлкөлүк жарандарды миграциялык каттоого алып, алар менен эмгек келишимин түзүүгө тийиш. Эгер мигрант ооруп калса, мекеме анын дарылануусуна шарт түзүп берет. Мигранттар эмгек патентин алууга тийиш.

Бу ортодо ТАСС агенттиги Курулуш министрлигине шилтеме берүү менен 1-декабрга карата Орусиянын 77 регионунун 50сүндө курулуш тармагында жумуш күчү жетишпей жатканын жазды. Болжол менен 190 миңдей кишиге суроо-талап бар.

Ошондой эле Орусия ТИМинин 2020-жылдын апрель айындагы маалыматына ылайык, өлкөдө 2,5 миллион эмгек мигранты легалдуу түрдө иштейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости