www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын бийлиги шаардын борборуна ырчы Иосиф Кобзонго эстелик тургузуу үчүн 52 миллион рубль бөлүүнү пландап жатат.

Тиешелүү документтин көчүрмөсүн баш калаадагы Тверь районунун муниципалдык депутаты, шаар куруу боюнча комитеттин башчысы Кетеван Хараизде жарыялады.

Анын айтымында, эстелик боюнча акыркы чечим райондук кеңештин 26-ноябрга белгиленген жыйынындагы депутаттардын добуш берүүсүнө көз каранды.

«Мен бул районго эстелик тургузууга каршымын. Биздин аймактагы скверлер менен бульварлар көрүстөндөй болуп калбашы керек. Аймак ансыз деле Калашниковдун эстелиги сыяктуу монументалдык чыгармаларга толгон», — деди Хараидзе.

Кобзонго эстелик тургузуу планын «Эхо Москвы» радиосуна Москва шаардык думасынын маданият жана массалык коммуникациялар боюнча комиссиясынын башчысы Евгений Герасимов да ырастады.

Долбоордун болжолдуу баасы — 52 миллион рублди түзүп, ал шаардык бюджеттен каржыланат.

Иосиф Кобзон – советтик жана орусиялык эстрада ырчысы, СССРдин эл артисти, коомдук ишмер. 2011-жылдан бери Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы маданият боюнча комитеттин төрага орун басары болуп келген. Ал 2018-жылы каза болгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости