www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарынын тургуну Ахрал Азимов Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, эки уулу Акрам жана Аброр Азимовдордун ишин калыс карап берүүгө жардам берүүнү өтүндү. Бул тууралуу Азимов өзү Ошто өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди.

Ал 2017-жылы Санкт-Петербург шаарындагы метродо болгон окуяга балдарынын тиешеси жок экенин айтып, аларды бошотууну суранды.

Ахрал Азимов өз катында кылмышка шектүү катары кармалган уулдары кыйноо аркылуу тийиштүү кагаздарга кол коюп беришкенин, кармалган күндөр тергөө кагаздарында жазылган даталардан ар башка берилгенин жазган.

2017-жылы 3-апрелде Санкт-Петербургдун метросунда жардыруу болгону, андан 15 киши каза таап, элүүдөй киши жабыркаганы кабарланган. Бир да террордук уюм бул калаба үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алган эмес.

Кийинчерээк Орусиянын ФСБ кызматы «терактты Кыргызстанда туулган, Орусиянын жараны, 22 жаштагы жанкечти Акбаржон Жалилов уюштурганы тергөөдө аныкталган» деп жарыялаган. Ал эми аны уюштурууга катышы бар киши катары Акбар жана Аброр Азимовдор камакка алынган. Кыргызстанда туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алышкан бул ага-инилер өздөрүнө коюлган айыптарды четке кагып келатышат.

2019-жылдын 25-февралынан тарта Санкт-Петербург шаарында Москва округдук аскердик соту Ленинград округдук аскердик сотунун базасында метродогу окуя боюнча ишти карай баштады. Кийинки соттук отурум 2-апрелде Санкт-Петербург шаарында өтөт - деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости