www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Мамлекеттик думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекедештер менен байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Водолацкий Кыргызстанда орус тилинен расмий тил макамын алып салуу идеясына каршы пикирин билдирди. 

"Бул чагымчылдык, анткени орус тили —  Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын пикир алышуусуна жардам берген негизги тил. Менимче, мындай чагымчылдык пикирлерге алдыдагы президенттик жана парламенттик шайлоолор чекит коет", — деди депутат. 

Буга чейин Конституциялык кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев орус тилин расмий тил макамынан ажыратууну сунуштаган. Мындай пикирин ал "кыргыз жаштары эне тилинде сүйлөбөй калды",- деп түшүндүргөн.

"Россия — Кыргызстандын негизги саясий өнөктөшү. Орус тилинен баш тартуу, демек, өз мамлекеттүүлүгүн бузуу. Эгер бул маселе референдумга коюлса, Кыргызстанда жашаган элдин 99 пайызы анын макамын сактап калууга добуш берет деп ойлойм", — деди Водолацкий.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости