www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош ОИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бир жума ичинде 69 кылмыш жана 37 жорук катталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, облус аймагында абал туруктуу, кырдаал тынч. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери башка тийиштүү кызматтар менен биргеликте Ош облусунун аймагында COVID-19 илдеттин массалык түрдө тарап кетишине жол бербөөгө жана элдин коопсуздугун сактоо үчүн санитардык-эпидемиологиялык иштерди тынымсыз жүргүзүп жатат.

2020-жылдын 14нөн 20-декабрына чейинки убакытта Ош ОИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 69 кылмыш жана 37 жорук иши катталган.

Жалпы кылмыш жана жоруктардын саны – 106, алардын ичинен - 86 бети ачылган.

Урдоо - 1, автоунааны айдай качуу - 2, алдамчылык - 13, жол унаа кырсыгы - 13, бейбаштык - 2, ден соолукка жеңил зыян келтирүү - 7, майда бейбаштык - 9, орчунду эмес өлчөмдөгү алдамчылык - 1, орчунду эмес өлчөмдөгү урдоо - 2, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогторун мыйзамсыз өндүрүү - 1 жана башкалар - 33.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости