www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен тажик президенти Рахмон 10-12 июнь күндөрү жолугушат. Бул сапардын алкагында өзбек лидери Суваналиев сүйгөн шаар Согди облусунун борбору Кожент шаарына да зыярат кылат. Кожент шаарына Шавкат Мирзиёевди Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзү коштоп барат. Мындан эч кандай криминал издөөгө болбойт. Өзбекстандын туңгуч президенти, маркум Ислам Каримовдун башкаруусу учурунда Бухараны талашып, өзбек-тажик алакасы бир топ солгундап, чек аралары бири-бирине жабык болчу. Тажикстан менен Өзбекстандын алакасы Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден соң кайра жанданды. Бул Кыргызстанга да тиешелүү.

Тарыхты тапанча менен атпагыла

Байыркы римдик саясий ишмер Марк Порций Катон (Улуу) ( б.з.ч 234-149 жж жашаган) Римдин сенатында ар бир сүйлөгөн сөзүн: «Карфагенди күм-жам кылыш керек» - деп аяктоочу экен. Анын көзү өтөөр менен римдик аскер башчы Сципион (Кенже) (б.з.ч 185-129 жж жашаган) б.з.ч 149 жылы Карфагенди жер менен жексен кылган. Карфаген өзү жок болсо да даңкы миң жылдап тарыхта келе жатат. Аны менен жашташ Ошту ала топучан «гангстерлер» таш-талканын чыгаргысы келди. Арийне, кыргыз мамлекети Ошту бутунан тургузду. Аны көрө албаган Кадыржон Батыровго окшогон журт бузарлар кыргыздарды жаманатты кылып Кыргызстандан жыйнап алган байлыгына ар кандай ушактарды таратып, кыргыз элине жалаа жаап жүрүштү. «Ичкен кудугуңа түкүрбө» дейт, Акаевдин учурунда май-талканды ушул кыргыз жеринен сугунушкан канкорлор урушту өздөрү баштап коюшуп, бет тырмаарлык кылып, кыргыздарга түртө салып турганына баракелде.

Май-талканды сугунушкан канкорлор урушту баштап коюшуп, кыргыздарга түртө салышкан

Доктор Киммо Кильюнен жетектеген ИККнын кыргыздын кыжырына тийген 103 беттен турган кайталанма отчёту азыр тарыхка айланды. Аны окуп отуруп аз эле болуп калган экен деген ой туулат. Бизде доктор Кубаныч Апас деген бар ушуну кошуп, дагы 103 беттен турган кыргыздын дооматын кошо жазса болмок экен. Докторлордун жазганын докторлор гана түшүнбөсө, жөнөкөй адамдардын тиши өтпөйт тура. Кильюнендин жыландын башын кылтыйткан отчётунда Ошко кыргыздар 60-жылдардан кийин гана бара баштаптыр. Эгерде Дешти-Кыпчактын түрктөрү азыркы Өзбекстанга 600 жыл мурун ооп келип, ал эми өзбек деген ысымды токсон боолуу ала топучандарга Иосиф Сталин азан чакырып токсон жыл мурун, совет бийлигинин учурунда койсо, 3000 жылдан бери Ошто кимдер жашап келишкен деген суроо туулат. Орусиялык империянын тушундагы эл каттоо боюнча Ошто он миңдеген кыргыздар менен бирге, ошого тете сарттар жашап келишкен экен. Азыркы күндө сарт деген калк сак, скиф, гунн сыяктуу өлүк калкка айланды. Кильюнен шамшарын шартылдатып курчутуп турсун, эгерде Октябрь революциясына чейин Ошто бир өзбек жашады деген маалымат тапса, мурдумду тосуп берейин,тең бөлө кесип алсын. Иосиф Сталин азан айтып атын койгуча өзбек деген калк өзү болгон эмес. Азыр деле ала топучандар ич ара канчага бөлүнөөрүн бир кудай, бир ашыналар гана билер. Арийне, кыргыз элин үч бийлик алмаштыруу сынап көрдү. Сынаганда да катуу сынады, ар кайсы жактан күчтөр Түндүк-Түштүк, Анжиан-Арка кылып бөлгүсү келди. Бирок кыргыз деген кылымдан бери келаткан бир калк экендигин айкындады. «Учу бирге бөлүнөт, түбү бирге кошулат» -дейт. Биз кыргыздар түбү бир атанын балдарыбыз. Түбүбүз бир болгондуктан  «кыргыз» деген ураан менен ынтымакка келдик. Өзбек эли токсон боолуу болгону менен тили, дини, түбү бирге түрк калкыбыз.

«Өткөндү тапанча менен атса, тарых замбирек менен атат» - дейт. Кильюнендин түрк элдеринин тарыхын билбегендиги айдан-ачык көрүнүп турат. Кыргыздар, сарттар, ферганалык түрктөр, ала допучандар, кыпчактар, шаар курдурганы алып келген перстин тукумдары, Чыңгыз хандын, монгол-татарлардын түрктөшүп кеткен тукумдары, тажиктер, казактар сырткы душмандарга каршы «Бир жеңден кол чыгарып, бир жакадан баш чыгарып» биргелешип күрөшүп келишкен. Жунгар империясы казак, кыргызды сүрүп Ферганага кирип келгенде чогуу кубалап чыгышкан. Ошол мезгилде кыргыздар талашып-тартышпай эле «Анжианда досум бар, ал да менден шалаакы, Бухарада досум бар, бу менден шалаакы» дешип, Анжианды мекендеп турушкан. Кильюнендин теориясы боюнча анда Анжиан деле биздин жерибиз болуп калып атпайбы. Кыргыздар байыркы көчмөн эл болгондуктан Борбордук Азияда, Алтайда көчүп–конуп эле жүрүшкөн эмеспи. Көчүп конгон жерибизди талашып отурсак, анда Орусиянын Алтайы, Кытайдын Чыгыш Түркстаны, Казактын Ала-Таусу, Өзбектин Ташкенге чейинки жерлери бизге тиешелүү болуп атпайбы. Ансыз деле чүрчүттөр мындан миңдеген жылдар мурун Каспийге чейин колу жетип турган экен, Мао-Цзе-Дундун шовинисттик саясатчылары Кытайдын географиялык картасын түзүшкөндө Каспийге чейин өз аймактары деп эсептешкен эмес беле. Албетте, Ошто сарттар жашагандыгы үчүн өзбектер өзүнүн жери деп эсептешсе, кыргыздын биринчи спикери кыпчак Орозбеков ала топучандардын кыпчак спикери менен жең ичинен соодалашып, Кыпчак автономиясын түзөбүз деп, кыргыздын жерин Өзбекстанга оодарып жибергени тууралуу тарыхий маалыматтар бар. Кыпчактардын автономиясын түзүүгө макул болбой баягы эле шору каткан шоркелдей Иосиф Сталин кыргыз калкы жерлери менен Өзбекстанда кала берген. Эмне үчүн Сталин Кыпчак автономиясын түзүүгө макул болбой койгон? Анткени кыпчактар чачыранды жашашкан алар өзбек, кыргыз, казак ал эмес Мажарстанга аралашып кеткен. Аларды кантип чогултам деп Сталин Кыпчак автономиясын түзгөн эмес. Өзбекстанга кирип кеткен ошол жүз миңдеген кыргыз калкы эми каякта? Бир кылым өтүп өтпөй өзбектерге сиңип кетип баратат. Ал жактагы кыргыздар биздеги өзбектерчилеп министр, губернатор, депутат болгонду кой, бир районго аким болгондору бар бекен? А бизде болсо ала топучан ашыналарды чалчактатып, байлыгын ашырып–ташытып, бийликке жулунтуп атабыз. Кыргыз жергесинде эле байып алган ала топучандар кыргыздарды  кемсинтип мамиле кылган учурлары жок деп ким айта алат? Өзбекстандагы кыргыздарды тим эле коёлу, момун кыргыздар тоо этектеп кетишип, шаарлардагы орчундуу, капчыктуу жайларды Акаевдин убагында эле  «Кыргызстан-жалпыбыздын үйүбүз» -дешип өзбектер менчиктештирип алышканын ким танат? Ошолордун бири Кадыржон Батыров эмеспи.

Кильюнен мырза кокус кыргыздарды жоопко тарткыза турган болсо, Нүзүп аталыктан баштасын деген кеңешибизди берет элек. Себеби, ал жээни Шералынын кой бактырып коюп, убагы келгенде ферганалык түрктөрдү, ала топучандарды, сарттарды тебелеп өтүп, Кокондун ханын алып берип, өтүгүн хан сарайга илдирип коюп атпайбы. Ал эми азыркы өзбектерге тийишкен адамдарды эле жоопко тарткысы келсе Искендер Зулкарнайндан, европалыкча Александр Македонскийден башташ керек. Анан Чыңгыз ханды кошуш керек. Булар Бухара, Самарканга чейин келишип рахаттанышып, «ойноп» кетишчү. Арийне, 2010-жылдын  июнуна чейин өзбек калкы тынч эле жатышты. Бир гана байлык менен бийликке көпкөн Кадыржон Батыров баштаган «гангстер» авантюристтер эки ынтымактуу элдин ортосуна от жагышып коюп,өздөрү кыргыздарга түртө салып жиберишкен. Өзбектер деле мусулман, асманда кудай калыс болсо, бул урушту ким баштаганын кудайга койдук. Кильюненге окшогон капырлар келжирей беришсин.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости