www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында эттин баасы арзандады

Ош шаардык мэриясы калаа бюджетинен бөлүнгөн 50 миң сомго бодо мал сатып алып, союп көргөндөн кийин шаарда эттин баасын арзандатты.

Мындан эки апта мурда Ош шаарындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана мэриянын бөлүм башчылары катышкан жыйында мэр Айтмамат Кадырбаев шаарда сатылып жаткан эттин баасын арзандатып, туруктуу баа коюуга тапшырма берген. Анда калаа башчы эттин чыныгы баасын аныкташ үчүн шаардык бюджеттен 50 миң сом бөлүп, уй сатып алып, союп, сатып көрүүнү сунуш кылган. Шаар башчы муну менен ишкерлердин мал союп сатуудан канча киреше таап жатканын аныктап, этке ашыкча акча кошуп жиберип жатканын аныктоого болорун билдирген.

Эми жаңы коюлган нарк боюнча калаа жетекчилиги жана тийиштүү мекемелер касапчылар жана ишкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости