www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыйноого шектелген милиция кызматкерлерине карата чыккан баштапкы сот өкүмү күчүндө калды.
2009-жылы эки жаранды милиционерлер “адам өлтүрдү” деген шек менен кармап кетишкен. Кийин алар күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын айтып чыгышкан.
2016-жылдын 7-октябрында Бишкектин Октябрь райондук соту беш милиционерди айыптуу деп таап, соттогон. Бирок, 2017-жылдын октябрь айында Бишкек шаардык соту алардын экөөнү актаган.
Быйыл 31-январда Жогорку Сот шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарып, райондук соттукун күчүндө калтыруу тууралуу чечим чыгарды.
Кыйноого кабылган жарандардын адвокаттары эми Ички иштер министрлигине кайрылып, материалдык жана моралдык зыян үчүн кенемте талап кылганы жатышат.
Булак:NazarNews.kg