www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарына эл аралык «Эскерүү оту» эстафетасынын алкагында Москва шаарындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнөн алынган Түбөлүк оттун бөлүгү алып келинди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Аны Элдик фронттун өкүлдөрү, белгилүү дарыгер жана теле алып баруучу Андрей Продеус, ошондой эле медиа-куратор Татьяна Светличная алып келишти.
Салтанаттуу тосуп алуудан кийин Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарына арналган мемориалдык комплексте Түбөлүк отту жандыруу аземи өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев, Россиянын башкы консулу, ардагерлер, аскер кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.
Шаардык Ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү Түбөлүк отту жандырып, катышуучуларды Жеңиштин 81 жылдыгы менен куттукташты. Бул акциянын баатырларды эскерүүдөгү жана жаш муунду тарбиялоодогу мааниси белгиленди.