www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күзүндө чоң жарыш болот эмеспи, президенттик шайлоо де­ген. Ал жакындаган сайын жүрөк дүкүлдөйт. Жалгыз эле меники дүкүлдөп атабы деп тегерек-четти тыңшасам, Бишкеги деле, эштеги деле, бүчөгү деле, чүчөгү деле, түштүгү деле, түндүгү деле ошону күтүп, жүрөктөрү меникинен да катуу дүкүлдөп атыптыр. Көчөгө чыга калсаң, машиненин ызы-чуусу угулбайле, дүкүлдөгөн жүрөктөрдүн  дабышы угулат, эй!

Мурда билбей жургөн экенбиз, президенттикке суутуп коюптурбу депчи. Мыйзам эмес, өзүмдүн памилия-атымды араңдан зорго тууралап жазып жүрсө деп. Көрсө терең жаңылып жүргөн экенбиз. Көрсө, кеп башкада экен. Тактап айтканда, акчаң  болсоле, «он сегиз» жаштагы маңкайган президенттик «кресло» сеники болот турвайбы. Майгөл-сүтгөл ушул жакта турвайбы. Анан ушундай тыянакка келдим, май семичке сатып бутка тургузган бизнесимди, кийинчерээк Кытайга темир өткөзүү жагына чукул кайрып кеткен бизнесимди эми ушул жакка бурайын деп турам.

Бул жакка кичинеле тумшугуң илинсе, жыргал дейт. Алты жыл чардап жашайсың дейт. Беш-алты жардамчың, эки-үч шоопуруң кошуп, дагы бир топ пок курсактарды кошуп, админстрациянын акырынан шабырата бекер кепшеп, мамлекеттин бекер үйүндө жуушап, чет өлкөлөргө бекер саякаттап, чет тил билбесең да билгендей түр көрсөтүп, укпай калгандай кыр көрсөтүп, кайсы өлкөдө жүрсөң дагы ар дайым «мазгини көп чакпачы, дос!» деген айбаттуу добуштун жардамы менен далай кырдаалдан чыгып келет экенсиң. Бул купуя сырды башынан өткөргөн шляпачан апче айтты. Ортодон эле «мүйүзчөндөр» чыга калып, импичмент жарыялап жибербесе, алты жыл кенен жыргайт экенсиң.

Мына ушунакай экен. Ошону билбей, эшек такалап жүрө бериппис. Азыр эшектин баарын союп, сорпосуна тойгондон кийин такаламай тык токтоп, жумуш жок калды да, эй! Ошондуктан күзгө даярдык катуу журуп, атат. Менин айылымдан эле он-он беш талапкер чыгып атат. Айыл өкмөткө эмес, ЖоКешке дагымес, президенттикке барабыз деп жулунуп атышат. «Быуу» болсо да алып коюш керек, зыянынан байдасы оголе көп экен дебатышат. Менин булардан эмнем кем! Мен да даярданып атам. Уже, боршойкомдон бир полжуугуч катын менен таанышып койдум. Ошол аркылуу калгандарына да жетем деген үлкөн былан бар. Эмесе, шайлоодон көрүшкөнчө, бүлүтен талашып челишкенче сак-саламат тургула!..

Кимбайке

Булак: Де-факто

Последние новости