www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нидерландияда күчөп бараткан жикчилдик жана исламофобияга каршы 200 чакты нидерланд Амстердамдагы бир мечитке чогулду.

Мусулмандар менен мусулман эмес нидерланддарды жолугушутурган иш-чарада «Нидерландияны коркунучка салган ислам эмес, радикализм» деген маалымат берилди.

Нидерландияда жашаган мусулмандар эч качан эч кимге коркунуч туудурбагандарын, тескерисинче террордон жапа чеккендердин көбү өзүлөрү экенин түшүндүрдү.

Мусулмандар ислам динине душман болгон жикчил лидер Герт Вилдерстин коомчулук үчүн чоң коркунуч туудурганы баса белгиленди.

Нидерланддар да өлкөдө мусулмандарга карай күчөп бараткан кол салуулардан тынчсыздангандарын белгилеп кетишти.

Нидерландияда акыркы убактарда жикчилдик тууралуу окуялар эки эсеге чыгап кетти, 50дөн ашуун мечит кол салууга дуушар болду.

Акыркы коомдук сурамжылоодо ушул убакка дейре биринчи орунда көрүнгөн Герт Вилдерс экчинчи орунга түштү.

Нидерландияда 15-мартта парламенттик шайлоо өтөт.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости