www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Ата Мекен" партиясы кезексиз жыйын өткөрүп, Парламенттеги оппозициянын лидери Ѳмүрбек Текебаевди президенттикке талапкер катары көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алганын билдирди
"Ата Мекен" партиясы кезексиз жыйын өткөрүп, Парламенттеги оппозициянын лидери Ѳмүрбек Текебаевди президенттикке талапкер катары көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алганын билдирди. Би-Би-Си мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболовго кайрылып, Текебаевдин шайлоодогу мүмкүнчүлүктөрү канчалык деп сурады.
К. Байболов: Бул суроого жооп бериш үчүн, биздеги шайлоо тууралуу эки ооз сөз айтуу керек. Бизде шайлоо деген барбы, же жокпу? Мына, азыр көчөгө чыгып сурамжылоо жүргүзсөк, кудай билет жүздөн токсон тогузу, шайлоо деген болбогон нерсе деп айтып беришет. Жыйырма беш жылдан бери иш жүзүндө шайлоо деген жок да. Мына ушул өңүттөн алып келгенде, кимдин мүмкүнчүлүгү канчалык экени белгилүү болот эле. Шайлоо үчүн эмне керек деген сурамжылоо жүргүзсөңүз, баары эбегейсиз чоң акча дейт. Андай акча кимде бар? Кыргызстан боюнча ашып кетсе бир-эки кишиде эле бар, мен билгенден.
Экинчиси, айтылуу административдик ресурс. Адатта шайлоого шайлоочулардын үчтөн бир бөлүгүнөн бир аз көбүрөөгү келет. Бул болжол менен бир миллион эки жүз миң шайлоочу экен. Мына ошол бир миллион эки жүз миң кишинин үч жүз миңдейи мамлекеттик кызматкерлер, дарыгерлер, мугалимдер, түрмөдө отургандар, милицияда иштегендер,булар кандай десең ошондой шайлап берчү адамдар. Демек, ким болоорун, кимдин кандай мүмкүнчүлүгү бар экенин ушул көрсөткүчтөр менен эсептешибиз керек. Текебаевге укук коргоо органдары акыркы күндөрү абдан чоң пиар жасап бербедиби. Андай мүмкүнчүлүктү бериш бул кыйла баалуу нерсе. Буга чейин Текебаевдин мүмкүнчүлүгү чектелүү болгон болсо, азыр абдан жогорулады.
К. Байболов: Менимче Текебаевдин президент болом дегенине көп жыл болду.
Би-Би-Си: Камакка алуу иши Текебаевдин президенттикке чыгуу чечимин тездетип жибердиби же таасири болгон жокпу?
К. Байболов: Менимче Текебаевдин президент болом дегенине көп жыл болду. Бул жагдай түрткү берип, тездетип жибериши да мүмкүн.
Би-Би-Си: Эгерде Текебаев ушул пикиринен баш тартпай, президенттикке ат салышам деген боюнча калса, бийликтин, күч органдарынын мындан аркы реакциясы кандай болушу мүмкүн?
К. Байболов: Эми бизде укук коргоо же сот органдары болобу бүт кыргызга белгилүү болуп калбадыбы. Алар көбүнчө бийликтин эң жогорку тепкичинде отурган саясий эркке, саясий чечимге байланган. Дагы бир жагдай саясатчылар бири-бир менен сүйлөшүп жатканда, эмне деп сүйлөшүшөт? Москвага барып келиптирби? Кремльден макулдукту алып келиптирби? - деп сүйлөшүп жатышпайбы. Анын эмнесине таң калабыз?
Би-Би-Си: 2010-жылы Текебаев Кыргызстанда парламенттик система орнойт дегенде, Медведев баштаган Орусиянын бир топ жетекчилери сынга алып чыкты эле. Орусиянын Текебаевдин талапкерлигине көз карашы кандай болушу мүмкүн?
К. Байболов: Адатта эмгеги, тазалыгы кандай экен? - деген критерийлерди айтып келе жатканыбыз менен, иш жүзүндө башка болуп жатпайбы. Мына азыр ар кайсы топтор ар кимди сүрөп жаткан кези. Социалдык тармактардан карасаң тигил болуш керек, анан бул болушу керек деп кечээ күнү эле элдин каарына калып аткандарды дагы, мына ушул болуш керек деп атышпайбы. Бизде баалулуктардын критерийлери талкаланып бүттү. Иш жүзүндө парламенттик башкаруу болбой калбадыбы? Мына эң бери жагы дегенде үч-төрт жыл парламенттик башкарууга өттүк, биз парламенттик өлкөбүз деп келишти биздин жетекчилер. Атамбаев бир сөзүндө парламенттик башкаруу болбой калды деп айтканга чейин барган. Маселен, башканы билбейм, мен деле башынан айтып келе жатам, парламенттик башкаруу деген мындай болбойт деп.
Би-Би-Си: Текебаев Орусияга эмес батышка көбүрөөк ыктайт, Москва менен көз карашы жакшы эмес деген пикир бир учурда айтылып жүрдү эле. Ошол пикир бүгүн деле күчүндөбү?
К. Байболов: Батышка ыктап эле, батыштын колдоо таап кеткенин деле көрө элекмин. Батыш менен Америка ким президент болот, кандай болоору аларга бир тыйын. Ким билет эми, мына азыр аз эле убакыт калды, менимче баамдай албай жатышат. Жакынкы сунуш кылынгандар кароодон өтпөй, Москва экинчи-үчүнчү катардагыларды карап жатыптыр деп угуп калып жатабыз.
Би-Би-Си: Текебаев боюнча укук коргоо органдарынын аракети менен рейтинги өстү деп калдыңыз. Ошол эле учурда Текебаевдин эл көзүнө көрүнүп калган бир топ ыплас иштери дагы ачыкка чыгып кеткен учурлары болду эле. Ошол фактылар шайлоодо роль ойнойбу?
К. Байболов: Бизде ал критерийлер роль ойнобой калды. Байкап көрбөйсүӊөрбү? Болом дегендердин печать койчу жери жок го менимче. Баарынан кызыгы ошолордун арасынан бирөөсү болот да. Бизде бир нерсени болбойт деп айтыш өтө кыйын. А өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө дачасына мамлекеттик машина менен барып келсе, отставкага кетип жатат.
Булак: "bbc.com"