www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармакка милициянын имаратынын алдында өспүрүм кыздын ыйлап отурган видеосу тарады. Анда өспүрүм таксист сексуалдык ыдык көрсөткөнүн, мындан улам ал милиция барса, арызын кабыл албай жатканын айткан.

Ош ШИИБден айдоочу, өспүрүм жана күбөлөр суралганын билдирип, окуя тууралуу буларды маалымдашты.

2- октябрга караган түнү Ош шаарында туруктуу жашаган жери жок Жалал-Абад облусунун 2006-жылы туулган тургуну шаардык милицияга арыз менен кайрылды. Ал Ош шаарында таксист сексуалдык ыдык көрсөткөндүгүнө арызданды. Арыз Ош ШИИБдин электрондук маалымат журналына катталды. "Ыкчам тергөө тобу тарабынан айдоочу жана күбө суралып, тргөө иштеринин жүрүшүндө кызга акча каражаты зарыл болгондугу аныкталды", - деп билдиришти башкармалыктан.

Тергөө кызматынан чыккан соӊ арыздануучу кыз Ош ШИИБдин имаратында "мени милиция кызматкерлери кабыл албай жатат" деп ыйлап, көчөдө өтүп бараткан жаранга айтып берген.

Бул кыздын арызы боюнча ар тараптуу тергөө иштери уланууда. Такси кызматындагы жарандын, арыздануучу кыздын жана күбөлөрдүн берген маалыматтары ар тараптуу текшерилет. Социалдык жактан коргоо кызматтары менен биргеликте дагы иш алып барылат.

"Арыздануучу И.А. Жалал-Абад облусунун тургуну. Мурда бир нече ирет Ош облусунун жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгына ар кандай жарандардын үстүнөн арыз менен кайрылган, арыздары боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынган. Ош ШИИБдин жашы жетелектер менен иштөө инспекторлору тарабынан рейд учурунда кармалып, бир нече ирет социалдык коргоо кызматына өткөрулүп берилген.

Арыздануучу кыздын жүрүм-туруму, тагдыры тууралуу толук маалыматтарды берүүгө мыйзамдар жана кыздын жашы жете электиги жол бербейт", - дешти милициядан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости