www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун "Төлөйкөн" ат майданындагы көк бөрү оюнунда коомдук тартипти бузган жана чагымчылдык аракеттерди жасаган 25 жаран аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Учурда тергөө-оперативдик тактоо иштери жүрүп жатат. Окуя боюнча мыйзам бузууларга, коомдук тартипти бузууга жана чагымчылдык жасоого байланышкан жагдайлар аныкталса мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат.
Ал эми ооруканага 7 жаран кайрылган, анын ичинен 1 кызматкер бар", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, 31-август күнү саат 18:50 чамасында көк-бөрү оюнунда Ош облустук тез жардам кызматынын "Форд-Транзит" үлгүсүндөгү автоунаасынын терезелери талкаландыгы боюнча нөөмөт бөлүгүнө кабар келип, маалыматтык электрондук журналына катталганы кошумчаланды.
Эске салсак, 31-августта президенттин кубогунун финалында "Ынтымак" жана "Достук" командалары оюн талаасына чыгып, "Ынтымак" командасы 2:1 эсебинде жеңип алган. Оюндан соң күйөрмандар нааразы болуп калыска жана жеңүүчү командага желим бөтөлкөлөрдү ыргытышкан.
Булак: NazarNews.kg