www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармакта Ош шаарындагы №3 М.Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясында окуучу кыз директор тарабынан сабалды деген маалыматтар тарады.

Билим берүү жана илим министрлиги Ош шаардык билим берүү башкармалыгы берген маалыматка таянып билдиргендей, окуя 14-мартта саат 08:15те болгон.

"Директор класс жетекчилер, социалдык педагогдор, мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучулар менен биргеликте сабакка кечигип келген окуучуларга мектеп формасын сактоо жана кечикпей келүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Ошол окуучулардын бирине директор жана мугалимдер окуучулук форманы сактоо керектигин эскерткен. Ал окуучуга эскертүү айтылып жаткан учурда анын классташтары жана класс жетекчиси жанында турган", - деп айтылат билдирүүдө.

Мектеп директору окуучуга кол тийгизбегендигин, урбагандыгын жана жанында күбө мугалимдер, мектеп окуучулары болгонун билдирген.

Ведомстводон директор катары ал окуучулардан мектеп формасын гана талап кылгандыгын айтышты.

Учурда окуя боюнча ички иликтөө иштери жүрүп жатат.

Последние новости