www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга талапкерлерден арыздар түшүүдө.

БШКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу Кара-Суу шайлоо округу боюнча талапкер 1995-жылы туулган Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичтен арыз түшкөн. Ал арызында ал Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы экенин көрсөткөн.

Эскерте кетсек, КР президенти жогоруда аталган бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2024-жылдын 28-апрелине дайындаган. Депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 26-мартында аяктайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости