www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Осмоналиев ойлончу, байболгур...

Ысык-Көлдөгү өкмөт өкүлү Акылбек Осмоналиевдин бары-жогу билин-бейт. Чээнге кирген суурдай дымы чыкпайт. Аткарып жаткан ишинин дайыны жок. Кирди-чыкты бир сөлөкөт. Мына жайкы туристтик сезон башталганы турат. Ысык-Көлдүн аймагы өзгөчө корголо турган биосфералык чөлкөм аталып, адамдардын ден-соолугуна шыпаа берүүчү экологиялык уникалдуу аймак катары таанымал.

 Азыркы учурда Ысык-Көлдүн кире беришиндеги Кызыл-Омпол тоосунан уран казып алууга ниеттенген кызыл кулактар жергиликтүү элдин социаддык маселелерин чечип берүүгө убада кыдып, өз билгендериндей жол салып, уранды казууга катуу даярдык көрүп жатышат. Осмоналиев оозун ачып отурат. "Кумтөр" маселеси, уран казып чыгарып кеткенден кийинки Кажы-Сайдын абалы Осмоналиевди ойлонтпойбу?.. Бул маселеге азыр көнүл буруп токтотпосо кийин кесепети жаман болот. Осмоналиев ойлончу, байболгур...

Булак: "Фабула"

Последние новости