www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жарым саат мурун менин уулум Алмазды, УКМКнын балдары үйүн тинтип, балдарын коркутуп, өзүн суракка алып кетишиптир. Илгери мага усталар жасап берген бычатарды «холодное оружие» деп конфискациялап кетишиптир. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Менин уулум эч кандай кылмыш ишине барган эмес жана барбайт. Эгерде УКМК мындай зөөкүрчүлүгүн койбосо Гаитидеги Тонтон Макулардан жаман болот. Ташиев менен Жапаровго эскертерим: От менен ойнобогула! Силер эч кимдин тиреги эмессиңер.

Ташиев Министр кезиндеги, Жапаров Бакиевдин мезгилиндеги кылыктарынды билбейт дейсиңерби. Эсиңер барда этегиңерди жыйгыла. Болбосо кеч болуп калат.

Экөөңдө эч кандай электорат жок. Балким бандиттериңер бардыр. Алардын да кой деп коёр ата энеси бар. Күчкө күчтү каалап турасыңарбы? УКМК айдактаган ит эмес. Алар жалпы элдин коопсуздугун коргой турган орган», - деп жазган коомдук ишмер.

Курсан Асанов менен сүйлөшкөн деген адам экономист Айылчы Сарыбаевдин уулу экени белгилүү болду. Ал президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон Асановдун штабында иштеген.

Бул ортодо мамлекеттик ЭлТР телеканалы «Пезидент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү» деген атайын материал көрсөттү. Анда маданият ишмерлерин кол койду деген кагазда «Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева аттуу жарандар баштаган адамдар 17-сентбярь күнү жүз миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз деген лозунг менен массалык маалымат каражаттарына маалымат беришти.

Аны колдогон беш-алты бала курал-жарак чогултуп жаткан имиш. Ошондуктан, биз сизге кайрылуубузга туура келди. Урматтуу Садыр Нургожоевич, 80% кыргыз эли сегиз ай мурда эле сизге өз тагдырын, мамлекетибиздин тагдырын ишенип, добуштарын берди. Анткени, сиз бир тамчы кан төкпөстөн, курал колдонбостон, Конституциянын талаасында, мыйзам жолу менен бийликти тынч алмаштыра алдыңыз» деп жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости