www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түн ичинде өз аялы менен жатканда аңдышып видеого тартып алган учурлар да болгон. Икрам Илмиянов башы, Орозбек Молдалиев төшү болуп турганда муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевге каршы адамдын бети чыдагыс «кара пиар» жүргүзүшөт. Илмиянов менен Молдалиевдин оюу боюнча муфтияттан ажылыкка барууга жолдомо берип жаткан учурда миллиондорду күрөп тапса болот экен. Арийне, муфтий мындай коррупциялык жолго каршы чыгат. Мындай тежик муфтийди тарбиялап коюш үчүн муфтий токолу менен жаткан учурда видеоролик тартып алып, соцтармактардан муфтий башка кыздарды зордуктап жаткан учуру деп жайып жиберет. Ушунун айынан муфтий өз арызы менен кызматынан кеткен. Илмиянов мамлекетти башкарып жатканда өз аялы менен төшөккө жатууга болбой калган.
Бирөөнүн аялы менен жаткан жерин видеого тартып элге жайгандардын бири Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин мурунку башчысы Орозбек Молдалиев учурда чамгарактап, ыймандуу болуп калыптыр. Садыр Жапаровдун «Ыйман» сабагын кыргыз мектептерине киргизүү идеясы светтик көз карашка каршы келет деп тоту куштай кайра-кайра кайталап калыптыр. Ооба, Башмыйзам боюнча мамлекет менен дин бөлүнгөн, бирок бизде социалисттик идеология сыяктуу балдарды тарбиялоо үчүн идеология керек. Белгилей кетсек, президенттикке талапкер Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда учурунда мектептерге «Ыйман» сабагын киргизүүнү сунуш кылган. «Ыйман» сабагы деп койсо эле диний болуп калмак беле? Келечек муунду Орозбек Молдалиевке окшоп ар кимдин төшөгүн аңдыбай ыймандуу тарбияласа жаман бекен?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg