www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 31-март күнү Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев өзгөчө абал режиминин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрдү.
Жыйында комендант Алмазбек Орозалиев өзгөчө абалга жаңы эрежелер киргизилгенин билдирди.
"Бүгүнкү күндө Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө абал режимине карабай өзүн жана айланасындагыларга кооп жаратып, көчөгө чыккан жарандар көп болуп жатат. Ошого байланыштууөзгөчө абал режимине кошумча эрежелерди киргизүү тууралуу буйрукка кол коюлду. Буйруктагы айрым эрежелерге токтотоло кетейин.
* Зарыл жумушу жок жеке унаасы менен көчөгө чыгууга:
* Кошуна-колоң, кесиптеш, туугандар менен жолугушууга;
* 3төн ашык адамдын чогулуусуна;
* Өспүрүмдөр улуулардын коштоосу жок көчөгө чыгууга тыюу салынат!
Ошондой эле шаар тургундарын жашоосуна зарыл каражаттар менен тейлеген мекемелерден тышкары бардык мекеме, ишканалар ишин токтотуусу керек", - дейт Орозалиев.
Булак: NazarNews.kg