www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык эпидемиологдор ар кайсы өлкөлөрдөгү COVID-19дан болгон өлүмдүн жана кургак учукка каршы сайылган БЦЖ вакцинасынын ортосундагы байланышты табышкан. Иликтөөнүн жыйынтыгы medRxiv порталына чыккандыгына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

“Италия, Нидерланды, АКШ сыяктуу универсалдык вакцина БЦЖны колдонбогон өлкөлөр COVID-19дан көбүрөөк жабыркап жатышат”,-деп белгилешкен окумуштуулар. Алар БЦЖ эмдөөсү (вакцина) вирус жуктуруу деңгээлин азайтаарын табышкан.  Окумуштуулардын айтымында, төмөндөтүлгөн өлүм менен оорунун айкалышы бул вакцинаны коронавируска каршы күрөштүн негизги куралдардын бирине айлантышы мүмкүн.

Изилдөөнүн алкагында окумуштуулар БЦЖ эмдөөсү өзүнөн-өзү коронавирустун жайылышына жана калктын эң аялуу катмарына жугуп кетүү коркунучуна кандайча таасир этээрин сынап көрүштү. Мындан тышкары, COVID-19дун жайылышына жана өлүмгө өлкөдөгү жашоо деңгээли жана саламаттыкты сактоонун өнүгүшүнүн таасири изилденген.

Белгилүү болгондой, короонавирустун таралышы жана өлүмдүн деңгээли экономикалык көрсөткүчтөргө да көз каранды. Бирок ошону менен бирге АКШ, Иран, Италия, Бельгия, Нидерландия жана башка европалык мамлекеттерде андай болгон жок.

Бул өлкөлөрдүн баарында БЦЖ вакцинасы эч качан массалык түрдө колдонулган эмес же салыштырмалуу жакында колдонула баштаган.

 Изилдөөнүн авторлорунун айтымында, бул өлкөлөрдө инфекциянын жугушу дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн төрт эсе жогору болгон. Ушундай көрсөткүчтөрдү өлүмдүн деңгээли боюнча да байкоого болот.

Ошондой эле илимпоздор белгилешкендей, БЦЖ эмдөөсү узак убакыт бою колдонулган жакыр өлкөлөрдө коронавирустук инфекциясынын натыйжасынан келип чыккан өлүмдүн деңгээли өтө төмөн, бул экономикалык өнүгүү деңгээлине салыштырылбайт.

Бул контекстте изилдөөнүн авторлорунун көңүлүн өзгөчө Бразилия бурду. Окумуштуулар БЦЖ  эмдөөсү организмди коронавирустун жаңы түрүнөн коргоодо эффективдүүлүгүн көрсөтөт деп ишенишет.

Мындан сырткары окумуштуулар 50-жылдарда БЦЖ вакцинасын колдонушуп, бирок “маданий революциянын” тушунда 1966-1976-жылдарда массалык түрдө эмдөө токтотулган, коронавирус жайылган Кытайдын статистикасын көрүнүктүү деп эсептешет.

Изилдөөнүн автору Аарона Миллердин пикири боюнча бул чечим эпидемиянын алгачкы баскычтарында COVID-19дун жайылышына өбөлгө түзгөн калктын аялуу катмарынын пайда болушунда роль ойноду.

Эске сала кетсек, COVID-19 пандемиясы өткөн жылдын аягында алгачкы ирет катталган Ухандан 177 өлкөгө тарады. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына краганда 690 миңден ашуун киши аталган илдеттен жабыр тартып жатышса, 33 миңден ашуун киши каза тапкан.

Ошону менен аталган дарт жукпаган өлкөлөр  да бар:

- Батыш Сахара;

- Ботсвана;

- Малави;

- Зимбабве;

- Свазиленд;

- Бурунди;

- Түштүк Судан;

- Сьерра-Леоне;

- Тажикстан;

- Түркмөнстан;

- Йемен;

- Түндүк Корея.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости