www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Санкт-Петербург шаарында мигрант палоо жасоо үчүн көлмөдө сүзүп жүргөн өрдөктү өлтүрүп салган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Пушкин районунун жашоочусу куруучу болуп иштеген мигрант анча чоң эмес көлмөдө сүзүп жүргөн өрдөккө аңчылык кылып жатканын видеого тартып алган. Анын сөздөрүнө ылайык, белгисиз адам өрдөктү таш менен чапкылап өлтүргөн соң, аны көтөрүп алып курулуш жүрүп жаткан жерге кирип кеткен.

Жаран укук коргоо органдарына кайрылган. Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери тажик улутундагы мигрантты өрдөктү бышырууга даярданып жаткан жеринен кармашкан. 22 жаштагы Довуджон андан палоо жасаганы жатканын айткан.

Азыркы тапта иш тиешелүү органдар тарабынан териштирилип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости