www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда 24 саат ичинде 48 адамдан коронавирус аныкталды. Бирок, бардыгы чет мамлекеттен келгендер. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Эпидемиянын очогу болгон Хубэй провинциясында 31-мартка карата коронавирус катталган жок. Ал эми Ухандан 271 адам ооруканадан чыгарылып, бир адам көз жумду.

Учурда өлкөдө жалпысынан 2 161 адам ооруп жатат, алардын 528и оор абалда.

Кытайдын өзүндө илдетке 81 518 адам чалдыгып, 76 миңден ашууну айыгып чыккан. COVID-19дан жалпы 3 305 адам каза болгон.

Эске сала кетсек, 11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаңы коронавирусту (COVID-19) пандемия деп жарыялаган.

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө COVID-19 илдетинин саны 785 миңден ашты, ошол эле учурда 165 миң адам айыгып, 37 815 көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости