www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Алмира Абидинова учурдагы социалдык тармактагы кызуу талкуу болуп жаткан маселе боюнча билдирүү жазып чыкты.

“Эмне эле арданасыңар Я. Ала кушту атынан эле аташ керек! Дааватчы болсо дааватчы деп эле айтылат. Дарыгерди дарыгер, милицияны милиция деп эле атап жатпайбызбы. Ашыкча фанат болуунун эч кереги жок. Ар бир адам өзү үчүн жооп берет. Күнөө кылса азабын өзү тартат. Бул бүт эле ишенимдерде айтылат. Жада калса ишеними жоктор да бул түшүнүк менен тааныш. Бумеранг деп коюшат. Бир эскертип кой, кудайыңды бир эстетип кой ага болду. Биринчи кезекте адилеттүүлүк болсун. Аң сезимди өстүрөлү кайсы динди кармансак да. Ар бир нерсенин ашыкчасы зыян алып келет өзү. Салмактын ашыкчасы, берилүүнүн ашыкчасы, күндүн ашыкча ысыганы да зыян туурабы? Социалдык тармактарды байкасам баары эле идеалдуу, баары эле динчил. Анда эмнеге кылмыштуулуктун саны азайбайт? Эмнеге акыркы убактарда бейкүнөө наристелерди зордуктаган педофилдер көп чыгып жатат? Эмнеге ар бир экинчи чиновник же жөнөкөй жаран деле коррупционер? Эмнеге мыйзам такыр иштебейт? Ишеними күч адам тартиптүү болот деп бекер эле айтылып калганбы анда? Өлкөнүн 80% мусулмандар деп мактанасыңар э. Дагы бир жолу суроо салам анда эмнеге кылмыштуулуктун саны азайбайт Кыргызстанда! Же калган 20% ишеними ар кыл же такыр кудайсыздар кылып жатат дегиңер барбы статистикада камтылган кылмыштардын баарын. Жоок тууганым, андай эмес. Алдын карап ыйманды сүйлөп, артын карап адамды ушактап койгондор көп. Жүрөктөн эмес калп эле ишенимиш болгондор көп. Эки жүздүүлөр көп. Түшүнбөй сыйынымыш болуп койгондор көп. Балким диндин чыныгы маңызын түшүнбөй чала сабат болуп жүргөндөр көп. Болбосо сабыр, сабыр, сабыр болгондо, мындай жек көрүүлөр, бири-бирин жемелөөлөр болмок эмес. Ошол Пакистандан келген дааватчы деле жоопкерчиликтүү болуп жок дегенде жакындарын ойлоп, дарыгерлерге көрүнүп койсо болмок. Динде кумурскага да зыяныңды тийгизбе деп айткандарды көп угам. Эмнеге ал ушул баалуулукту карманган жок. Динде калп айтпа дейт дегендерди да көп угам. Анда эмнеге ал калп айтып посттон өтүп кетти? Адам бололу, динди бетибизге жамынып алып, жаман көрсөткөндөн көрө чала молдо болбой эле койбойлубу Я.......

Эскертүү!!! Сөздүн төркүнүн түшүнбөй тантыгандарга достугумда орун жок. Конкреттүү орду менен сын айткандарга эшик ачык”.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости