www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 31-мартта коронавирус инфекциясына каршы түзүлгөн Республикалык штаб өзгөчө абал учурунда уруксат берилген мекемелердин тизмесин жарыялады.

Уруксат берилген ишмердүүлүктөрдүн тизмеси:

1. Саламаттыкты сактоо системасы: 

- ооруканалар;

- лаборатордук кызматтар;

- үйүндө мед. кызматтарды көрсөткөн мекемелер;

- бардык менчик формадагы мед. мекемелер;

- ветеринардык тез жардам кызматтары;

- мед. товарларынын дистрибуциясы.

2. Шаар инфраструктурасы жана коммуналдык кызматтар: 

- электроэнергиялык компаниялар;

- суу менен камсыз кылуу;

- электриктер жана сантехниктердин кызматтары;

- өрт өчүрүү кызматы;

- көчөлөрдү жана имараттарды тазалоо кызматтары;

- калдыктарды жана таштандыларды чогултуу, кайра иштетүү жана жок кылуу;

- дезинфекция;

- телекоммуникациялар (карантин мезгилинде абоненттик бөлүмдөрдүн 50% жабылсын, сайтка иштеген бөлүмдөрдүн тизмеси чыгарылсын, иштөө убактысын 10:00дөн 16:00гө чейин чектелсин, техколдоо кызматкерлеринин жүрүүсүнө уруксат берилет – базалык станцияларга барууну камсыздоо);

- аэропорттор;

- темир жол бекеттери;

- почталык, курьердик жана жүк ташуу кызматтары;

- соц. камсыздоо.

3. Кайра иштетүү өнөр жайы жана айыл чарбасы:

- тамак-аш өнөр жайы;

- айыл чарбасы;

- биринчи керектүү товарларды өндүрүү;

- химреагенттер;

- дары-дармек препараттары;

- мед. жабдуулар жана аспаптар;

- үй үчүн кагаз буюмдары;

- жеӊил өнөр жайы (ден соолук жана гигиена товарлары);

4. Чекене соода-сатык, тамактануу жана курулуш кызматтары:

- азык-түлүк дүкөндөрү;

- дарыканалар;

- Күйүүчү май куюу жайлары;

- ресторандар, барлар, кафе, ашканалар – алып кетүүгө гана иштейт;

5. Башка маанилүү кызматтар:

- азык-түлүктөр, дары-дармектер жана медициналык препараттарды жеткирүү кызматтары – 7:00дөн 20:00гө иштөөгө уруксат берилет;

- азык-түлүктөрдү, дары-дармектерди жана мед. каражаттарды дистрибуция кампалары;

- банк кызматтары (иштөө убактысы 9:00дөн 18:00гө чейин чектелди, шаар ичинде инкассаторлорго, байланыш-борборлорунун кызматкерлерине, техколдоо, кассир, телеком.жабдуулары жүктөлгөн унааларга жүрүүгө уруксат берилет);

- мейманканалар, хостелдер (персоналды казармалык, вахталык иш тартибине жаткаруу жана обсервацияга алынган жактар үчүн гана);

Эскертүү: меймаканалардын, хостелдердин ичиндеги ишканалар өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотушу керек.

- жатаканалар (персоналды казармалык, вахталык иш тартибине жаткаруу жана обсервацияга алынган жактар үчүн гана);

- карылар үйлөрү;

- балдар үйлөрү;

- үйү жоктор үчүн баш калкалоо жайлары;

- жаныбарлар үчүн баш калкалоо жайлары;

- ритуалдык жана мүрзө кызматтар агенттиги.

МАНИЛҮҮ: унаа каражаттары жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалышы керек; буга чейин шаарга кирип-чыгууга уруксат кагаздары берилген кызматтардын кызматкерлери аралыктан иштөөгө өтсүн.

Эске сала кетсек, 24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районуна 25-марттан тарта өзгөчө абал киргизүү тууралуу Жарлыктарга кол койгон.  Ушул эле күнү Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, бул жарлыктарды толук колдоп берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости