www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

“Быйыл биз Пекин, Астана, Тяньцзин шаарларында үч жолу жолугуп, кытай-кыргыз мамилелерин жогорку сапатта өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты ар тараптуу тереңдетүү боюнча маанилүү макулдашууларга жетиштик. Бул жаңы доордогу кытай-кыргыз мамилелерин камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү келечекте өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктап берди.

Кыргызстан Кытайдын маанилүү коңшусу болуп саналат. Биздин ортобуздагы жакын иштиктүү алакаларды жана жеке достукту жогору баалайм, сиз менен биргеликте кытай-кыргыз мамилелерин дагы жогорку деңгээлге көтөрүүгө даярмын.

Сизге чың ден соолук жана бардык иштериңизге ийгиликтерди каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Последние новости