www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев энергетика министри Таалайбек Ибраевди кабыл алды.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө министр президент Садыр Жапаровдун саламын жеткирди.

Жолугушууда өзбек-кыргыз достук, жакшы коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелери, анын ичинде энергетика тармагындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо маселелери талкууланды. Эки тараптуу мамилелердин жогорку динамика менен өнүгүп жатканы канааттануу менен белгиленди.

Өзбекстандын лидери гидроэнергетика тармагындагы өз ара кызматташууну тереңдетүүнүн жана аймактык маанидеги биргелешкен долбоорлорду, биринчи кезекте Камбар-Ата-1 ГЭСин натыйжалуу илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

”Региондун гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгүн натыйжалуу пайдалануу жана биргелешип башкаруу үчүн келерки жылы Кыргызстан жана Казакстан менен биргеликте Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш долбоорун каржылоону баштайбыз”, — деди Мирзиёев.

Ошондой эле ал Бириккен Араб Эмираттары, Түркия жана Азербайжан сыяктуу өлкөлөрдүн энергетика жетекчилери менен бирге Кыргызстан энергетика министри Таалайбек Ибраевге Өзбекстанга ири инвестиция тартууда жана заманбап технологияларды кеңири киргизүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Таалайбек Ибраев Шавкат Мирзиёевге жылуу кабыл алгандыгы жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда көрсөтүп жаткан туруктуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Последние новости