www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Asman Airlines Алматы - Каракол түз каттамын ишке киргизди

AsmanAsman Airlines Алматы – Каракол түз каттамын ишке киргизди. Airlines авиакомпаниясы Алматы – «Каракол» Эл аралык аэропорту багыты боюнча түз үзгүлтүксүз каттамдардын ачылышын жарыялады. Биринчи учуу бүгүн, 2025-жылдын 5-декабрында ийгиликтүү аткарылды.

Жаңы маршрут жолго кеткен убакытты минимумга түшүрүп — болгону 35 мүнөттү түзөт, Караколго болжол менен 14:25те келүү менен.

Авиабилеттин баасы 6500 сомдон (39 000 KZT, 75 USD) башталат.

Алматы менен Караколдун ортосундагы авиакаттамдын жанданышы регионалдык авиациянын өнүгүүсүндө маанилүү этап болуп саналат.

Бул багыт боюнча туруктуу каттамдар 1970-жылдардан бери болбой келген, эми алардын калыбына келиши бизнес жана туризм үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Авиабилеттерди Asman Airlines компаниясынын расмий сайтынан жана мобилдик тиркемесинен сатып алууга болот.

Последние новости