www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөн районунда өз кызын зордуктаган атанын акыл-эси жайында экендиги аныкталды. Бул маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты. Буга чейин Өзгөндө 15 жаштагы кызын зордуктоого шектелип кыздын атасы кармалган. Атасы күнөөсүн мойнуна алып, авто кырсыктан кийин акыл-эси жайында эместигин билдирген. Бирок экспертизанын жыйынтыгында анын акыл-эси жайында болгон деген бүтүм чыккан. Кармалган жаранга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп, 11-март күнү анын иши Өзгөн райондук сотуна өткөрүлгөн. Ал тергөө аяктаганга чейин 2 айга камакка алынган. Учурда кыздын 7 айлык боюнда бар. Ош шаарындагы «Ак жүрөк» кризистик борбору маалымдагандай, учурда кыздын абалы жакшы. Ага психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Буга чейин Turmush басылмасынын кабарчылары окуянын чоо-жайын билүү үчүн жабырлануучу кыз окуган мектепке барып келишкен. Мектептин директору Муктаржан Насыровдун айтымында, окуучусу орто баага окуп, сабактарды калтырбай барып жүргөн. «Ал кыз кошуна айылдан каттап, 3 чакырым жол жүрөт. Мүнөзү оор, орто окуган кыз эле. Акыркы күндөргө чейин андан эч кандай өзгөрүүлөрдү байкаган жокпуз. Сабактарга убагында келип жүргөн. Ата-энелер чогулушуна атасы катышчу (апасы көз жумган). Акыркы учурда мектепке келбей калганынан класс жетекчиси үйүнө барып кабар алганда ал ооруп жатканын айткан экен. Андан кийин эле ушул көрүнүш болуп кетти», - деген Муктаржан Насыров. Ал эми кош бойлуу кыздын класс жетекчиси Гүлнура Касымбекова окуучу кыздын мектепке кийгенге кышкы кийимдери да жок болгонун айткан. «Сабактарга келип эле жүргөн. Акыркы учурларда келбей калганынан үйүнө бардым. Ал кышкы бут кийими жана башка жылуу кийимдери жок экенин айтты. Классташтары менен сүйлөшүп, жылуу кийим алууга жардам бердик. Бул окуя тууралуу мени милиция бөлүмүнө чакырышкандан кийин уктум. Окуянын чын же жалган экенин билүү үчүн өзү менен сүйлөштүм. Ал чындап эле окуя дал ошондой болгонун айтып берди. Июнь айынан бери бул окуя уланып келгенин жана атасы "бирөөгө ооз ачсаң өлтүрөм" деп коркутуп жүргөнүн айтты», - деген Гүлнура Касымбекова. Мектеп директору өспүрүм кыз бир тууган агалары менен чогуу жашабаганын билдирген. Ал эми айыл өкмөттүн социалдык коргоо бөлүмүнүн адиси Абдималик Мырзаев 5 бир тууган бир үйдө жашап келгенин жана алар аз камсыз үй-бүлө экенин белгилеген. «Алар аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турат. Мамлекет тарабынан эч кандай жөлөк пул алышпайт. Айыл өкмөт тарабынан көмүр жана акчалай жардам бергенбиз. Негизи кыз 5 бир тууган, эки агасы жана эки иниси бар. Жабырлануучу кыз атасы менен бир үйдө жашаган. Учурда анын инилери Өзгөн районундагы балдар жатак интернатына өткөрүлүп берилди. Атасы психикалык оору менен ооруп жүргөнү белгилүү. Учурда биздин айыл өкмөттө каттоодо турат», - деген Абдималик Мырзаев. Ошол эле айылдагы ФАПтын кызматкеринин айтымында, өспүрүм кыз медициналык кароодон өткөндөн кийин гана кош бойлуу экени белгилүү болгон. «Окуя болгон айылда медайым болуп иштейм. Ал кызды жакшы тааныйм, экөөбүз жакшы сүйлөшчүбүз. Үй-бүлөсүнүн абалын да жакшы билчүмүн. Ошондой болсо да ал кыз мага буга чейин окуя тууралуу айтпаганы өкүндүрөт. Курсагы чоңоюп, бала 26 жумалык болуп кетиптир. Курсагы билинип калганынан этек кири качан келгенин сурасам "билбейм" деп жооп берди. Ичин кармап көрсөм катуу болуп, аны дарыгерге алып бардым. Ошол жерден боюнда бар экени аныкталды. Каттоого алып, милицияга кабар бердик. Өзүнүн айтымында бул окуя жаздан бери уланып келе жатыптыр», - деген медайым. Өспүрүм кызды мугалимдери орто баага окуганын айтса, «Ак жүрөк» кризистик борборунун Оштогу жетекчиси Дарика Асилбекова ал сабатсыз экенин жана жаза албай тургандыгын белгилеген «Тилекке каршы мындай көрүнүш жылдан жылга өсүп бара жатат. 2018-жылы 12ден ашык кыз сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган. Болгондо да алар жакындары тарабынан зордукталгандар болуп жатат. Алар 15 жашка толо элек өспүрүм кыздар. Мындай кыздардын көпчүлүгүнүн энеси жок. Ошондой эле кызынын жашоосуна кайдыгер караган энелер да себеп болууда. Ал кыз учурда дарыгерлер жана психологдордун көзөмөлүндө. Оорулуу бала төрөлүп калбашы үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Өспүрүм чындыгында өз атасы зордуктаганын, атасынан башка адам тийбегенин айтты», - деген Дарика Асилбекова.