www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистан жарыксыз калды

Пакистандын дээрлик бардык аймагында электр жарыгы өчтү. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлиги Твиттер (Twitter) аркылуу билдирди.

Американын «CNN» телеканалынын маалыматы боюнча, 220 млн адам электр энергиясыз калды.

«23-январда эртең мененки саат 7:34тө өлкөнүн энергетика системасында авария болду. Учурда калыбына келтирүү иши жүргүзүлүп жатат», - дейт Пакистандын Энергетика министрлиги.

Электр энергиясы качан берилери белгисиз. 3-январда Пакистандын премьер-министри мамлекеттик ведомстволорго электр энергияны сарптоону 30 пайызга азайтууну тапшырган. Ал чиновниктерге кеңселерде электр жарыгын ашыкча пайдаланууга жол бербөөнү, бардык базарларды 20:30да, ресторандарды 22:00дө жабууну тапшырган болчу. Мындай чектөөлөр электр энергияны импорттоодо 273,4 млн доллар үнөмдөөгө багытталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости