www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда төрт жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган жаран баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, 20-январда Кара-Суу райондук милициясынын кызматкерлери “Б” аттуу жаран баңгизатты колдонуп, сактап жүргөндүгү туурасында ыкчам маалымат алышкан.

Аталган окуя маалыматтардын электрондук журналына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүмүндө (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) каралган кылмыштын белгилери менен иш козголгон.

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө “Б” Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын 33 жаштагы С.Б. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Ал 21-январда Чоң-Алай районунун Шиман жайлоосунда изин жашырып, качып жүргөн жеринен кармалган. Тинтүү жүргүзүлгөн кезде жанынан кескин жыты бар заттар табылып алынган. Алынган заттарга карата соттук-химиялык экспертиза дайындалган.

Кылмышка шектүү катары кармалган жаран тергөө кызматына жактоочусунун катышуусунда көрсөтмө берди. Шектүү буга чейин алдамчылык, жасалма документтерди даярдоо, бейбаштык, баңгизатты ири өлчөмдө сактоо боюнча төрт жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Тергөө мезгилинде дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жанынан чыккан кагазга оролгон заттын таза салмагы 0,383 мг канабис чайыры – гашиш, ал эми күрмөсүнүн чөнтөгүнөн алынган зат 28,655 гр кургатылган марихуана экендиги аныкталды.

Шектүү Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости