www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Салт бузулса – эл бузулат, тил бузулса – дил бузулат” – деп мындай саясаттын сырын жана максатын бабаларыбыз илгери эле түшүнүп, бизге эскерткен экен. Мындай пикирин коомдук ишмер Дастан Сарыгулов билдирди.

-- Кыргыз тоо шартында көчүп, конуп жашаганы жана ага ылайык калыптанган дүйнө таанымы – кыргыз тарбиясына пайдубал болуп, анын мазмунун жана ыкмаларын калыптандырган экен. Чындыкты моюнга албасак болбойт: бүгүн кыргыз отурукташып, шаар, кыштактарда жашап калды. Эскиче тарбия жүргүзүү болбой калды го...

-- Туура байкадыңыз. Жашоо шарты да, дүйнө тааным да өзгөрдү. Демек, тарбиянын мааниси ого бетер курчуду, ага 20-30 эсе көбүрөөк көңүл буруп, убакыт жана каражат бөлүү зарылдыгы келди. Жапа тырмак жалпы эл тарбия ишин колго алып жана ал мамлекеттик идеологиянын өзөгү болгондо гана ийгиликке жетүү мүмкүн болуп калды окшойт. Анысыз, улут жана мамлекет келечеги бүдөмүк, туңгуюк абалда кала берет...

Өлкө экономикасын үч-беш жылда көтөрсө болот, тарбия ишин колго алуу бери дегенде он – он беш жылды талап кылат.

Эгемен жылдары тарбия иши унутулганы аз келгенсип, ал толук колдон чыгып, батыш жана араб элдеринин карамагына өтүп кетти: интернет, алардын кино, музыка, кыял-жоруктары, жарнак-көрнөктөрү, чакырык-үгүт-үлгүлөрү балдардын аң-сезимин, ой-жүгүртүүсүн ээлеп алды. Алибетте, мунун артында миллиард доллар бизнес кызыкчылык эле эмес, мунун артында зор дүйнөлүк саясат турат! “Салт бузулса – эл бузулат, тил бузулса – дил бузулат” – деп мындай саясаттын сырын жана максатын бабаларыбыз илгери эле түшүнүп, бизге эскерткен экен.

Улгайып калганга чейин бала көрбөгөн Жакып: “Жаш кезимден мал жыйдым. Бала менен ишим жок. Өмүрүм менин чала экен, дүйнө ээси бала экен. Артыңда туяк калбаса дүнүйөсү курусун бузулуп калган калаа экен”, – деп зар какшап айтканы бизге түбөлүк керээз болуп калбадыбы!

Эгемен доорунда базар экономика пара экономикага айланып, соода-сатык, акча-байлык, дүнүйө-мүлк жыйноо, “пулуң болсо кулуңмун” деген жашоо мыйзамы орноп, балдарыбыз “из калтырган туяк” болууга умтулбай, “тукум болбой урук болуп”, келечекте Кыргызстан “бузулуп калган калаа” болуп калбайбы деген тынчсызданууну жаратпай койбойт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости