www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
17 жаштагы уланды полиция өлтүрүп алгандан кийин Франциянын Нантер шаарында жана Париждин чет жакаларында башаламандык башталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, өспүрүм жолдо текшерүү маалында укук коргоочуларга каршылык көрсөткөндө атып өлтүрүлгөн.
Аны аткан офицер кармалды, тартип сакчысына этиятсыздыктан адам өлтүрүп алганы үчүн айып тагылышы мүмкүн.
Социалдык тармактарда дароо нааразылыктар башталган. Ал эми кечинде топтолгондор өрт коюп, жарнама тактайчалары менен аялдамаларды талкалап, полиция менен кагышкан.
Нааразычылыкка чыккандар баррикада куруп, полиция кызматкерлерине таш менен өрт чыгуучу аралашмаларды ыргытышкан. Жооп катары аларга көздөн жаш агызуучу газ колдонулган. Кагылышта 9 киши кармалган.
Булак: NazarNews.kg