www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдөгү Асман эко-шаарынын курулушуна 30-июнда капсула салынаары айтылып, кызуу даярдык көрүлүп жатат. Шаардын аянты 4 миң гектарды түзүп, 500 миңден 700 миңге чейин адам жашайт деп болжолдонууда. Болжол менен
23 миллиард доллар сарпталып, 10 жыл аралыгында курулуп бүтөөрү айтылып жатат.
Эки жылдан бери ири долбоордун эскизи, инфраструктуралык түзүмү, генпланы чийилип кагаз иштери жүрүптүр. Ошол эле кезде өлкөнүн жетишкендиги катары сыпатталган пиарга карапайым калың эл катуу сугарылды. Эйфориянын таасири дагы да болсо күчтүү.
Себеп дегенде, Асман шаары салынса эле, жашоолору жомокко айланып, май көл, сүт көл турмушта кайгы-капаны билбей жыргап жашап калчудай эле сүйүнүп жатышат. Болсун, ылайым кыргыз элинин жашоосу оңолуп, барчылыкта сүйүнүп жашаганга Жараткан насип кылсын.
Тилекке каршы, жакшы ишти дагы көрө албайсыңар, деги силерге эмне жагат деп жемелегендерден, "шаар салганга зарылчылык болуп жатабы, болгондо дагы Ысык-Көлгө шаар салыштын канчалык кажети бар" деп, анын экономикалык, экологиялык жагдайына маани берип, кызыккан жан болгон жок. Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 500 миңден ашык эл болсо, Асман шаарына 700 миң адамды кайдан алып келишет?
Деги эле шаар кимдер үчүн салынышы мүмкүн? Кыргыздар үчүнбү, же кыргыз жерине, Ысык-Көлгө кызыккан белгисиз инвесторлор үчүн салынабы? Кийин кайсы бир мамлекеттердин көлдө анклавы пайда болуп, кыргыз эли өзүнүн жерине, өзүнүн шаарына кире албай калбайбы? Кандай инвестор, кандай максатта акча берип жатат коомчулукта кабар жок. Баары жашыруун. Сыр. Эртең ошол шаарга кыргыздар жашай алабы, же жалаң сырттан келгендер жашайбы? Квартира алганга карапайым кыргыздын ахыбалы жетеби? Ипотека катары үй берилет бекен? Суроолор көп, жооп жок.
Эң негизгисиси Ысык-Көлдүн экосистемасынын бузулушуна, таза табиятына, биосфералык климатына 700 миң киши жашаган шаардын терс таасири тийбейби деген кооптонгон маселе бар. Бир дагы эколог эч кандай зыяны жок деген өңүттөгү конкреттүү көз карашын айта элек.
Демек, шаар салынса зыяны тийбейт деп калп айтып, элди алдагандан чочулап, кийин тарых алдында, эл алдында, абийир алдында күнөөкөр болгулары келишпейт, же биз айткан айткан менен бийликтеги билермандар макул болуп угуп калышмак беле дешип кайдыгер... Аттуу-баштуулар деле үн катпайт. Кумга башын тыккан төө куштай болушуп, шаар салынса артыкчылыгы бул, кемчилиги бул деп айтуудан айбыгып, билмексен болуп отурушат.
Негизи эле Ысык-Көлгө шаар салыштын канчалык стратегиялык мааниси зор? Эл батпай калдыбы? Же жергиликтүү эл сыртка көп кетип, миграциянын агымын токтотуп калуу тобокелчилиги жаралдыбы? Болбосо, Ысык-Көл чек арада жайгашып, коңшулардын жылма экспансиясынан сактап калууга болгон терең мааниси болсо бир жөн? Маселен, казактар орустан коргоп чеп болчу Астананы куруп борбор кылгандай зарылдык болгондо башка кеп эле...
Айтор, шаар салуунун болгондо дагы Ысык-Көлгө куруунун маанисин көрбөй турам. Эгер Лейлекти келечегин ойлоп шаар салына турган болсо мааниси жарашмак. Биринчиден, миграциянын агымы токтомок. Экинчиден, коңшу тажиктердин аймакка көз кызарткан саясатына бөгөт коюлмак. Стратегиялык мааниси чоң болмок. Жалпы эл колдомок.
Ал эми Ысык-Көлдүн баркын, туристтик потенциалын арттыруу максаты үчүн шаар салуу аба менен суудай кечиктирилгис зарыл иш болуп жатса, Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол шаарларын, Бөкөнбаев, Түп, Кажы-Сай, Кызыл-Суу сыяктуу калк жыш жайгашкан аймак борборлорунун инфраструктуралык түзүмүн оңдоп, жагымдуу шарт жаратса эмнеге болбосун?..
Ошондой эле, шаар салууга кетчү каражатка, инвесторлорду ынандырып, кепилдик берип, республика боюнча ар аймактын шартына, муктаждыгына жараша завод-фабрикаларды салып, иш орундарын түзүп, сыртка кетип жаткан миграциялык агымды токтотуп калуу жагын ойлошсо, алда канча эффективдүү болмок...
Биринчиден, Асман шаарын салабыз деп карызга батып, инвесторлорго, балким алардын артында турган кайсы бир мамлекеттерге милдеткер болбойт элек. Кийин көлдө кайсы бир мамлекеттердин анклавы пайда болбойбу деген коркунуч жаралбайт болчу.
Экинчиден, Ысык-Көлдүн ансыз да жылдан жылга суусу тартылып чочулоо, түйшөлүү жаралып жатканда, шаар салынса көлдүн экосистемасы огобетер бузулбайбы, биосфералык климатына доо кетпейби деп кооптонбойт элек. Анткени, 700 миң адамдын керектөөсүнө эле канча суу керек болот? Электр энергиясы ансыз да тартыш. Кайдан алабыз. Коммуникация, канализация маселеси кандай чечилет? Шаардан чыккан таштанды, саркынды суулар жерге сиңип көлгө кошулбайт, эч кандай зыяны тийбейт деп айтыш кыйын. Айтор бул жагы бүдөмүк...
Ансыз да көлдүн экологиялык абалына, жаратылышына болгон элдин кайдыгер, жоопкерчиликсиз мамилесинен улам көлдүн суусу бир топ булганды. Канчалаган тонна таштанды чыгырылды. Пансионаттардын саркынды чыла суусу кошулуп, көл сийдикке ууланып жатат. Мунун баары касиеттүү көлүбүздүн кутун учурууда.
Мына айталы, изилдөөлөргө караганда 1929-1998-жылдар аралыгында көлдүн деңгээли 3,6 метрге төмөндөгөн. Андан кийин 2011-жылга чейин 1,1 метрге жогорулаган. 2011-2021-жылдары көлдүн деңгээли 0,95 метр төмөндөп, суу жээктен бери жагы 6-7 метр тартылып кеткен. Бул климаттык жана антропогендик факторлордун таасиринен экенин окумуштуулар белгилешет. Акыркы жылдары сугат сууга болгон көлөм арбып, көлгө куйган суулар азайган.
Демек, көлдүн деңгээлинин төмөндөшү ушундай темп менен (жылына 5 сантиметрге жакын) уланса, анда 20 жылдан кийин... мурда көлдүн алдындагы суу баскан эбегейсиз аймактар, кумдуу, саздуу жээкке айланат.
Көл тартылып, кайра толуп турат деген көз караш каталык. Себеп дегенде, мурдагы учурдагы табиятын кубулушу, экологиялык өзгөрүүлөр менен учурдагы абалдын асман менен жердей айырмасы бар. Жөн эле курулай түшүнүккө салып, мурда деле бөксөргөн, анан кайра толчу деп, алакан жайып, кайдыгер болуп отура берсек, Ысык-Көлдү Арал деңизиндей соолутуп алабыз. Анда кеч болуп калат. Жаратылышы кооз, климатты жанга жагымдуу көлүбүздөн кол жууп калсак Жараткан кечирбейт.
Белгилей кетчү жагдай, түздүк жерлерге конуш, шаар салбай, ал жерлерди айыл чарба багытындагы түшүм берчү аймак кылышыбыз парз. Ансыз да түздүк жерлер жетишсиз. Көл аймагын жашылдандыруу максатында, балким 4 миң гектарды жемиш багы кылган пайдалуу болмок.
Ушул жерден бир чоң көйгөйлүү маселеге токтолуп өтпөсөк болбойт. Мына 15 миң адам жашаган Чолпон-Ата шаарынын саркынды сууларды чыпкалап тазалоочу курулмасын тазалай албай жатып, 700 миң адам жашоочу Асман шаарын салыштын кажети барбы деген суроо жаралат. Бул шаар курулса 700 миң адамдан чыккан таштанды, саркындыларды кантип тазалай алабыз?
Мына Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Ысык-Көлдүн тагдырына роль ойной турган эки чоң маселени чечмейин, Асман шаарын салыштын кажети жок экенин айтты.
Бул тууралуу 26-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Ал өз сөзүндө Чолпон-Ата шаарынын саркынды сууларды чыпкалап тазалоочу курулмасын тазалоо зарылдыгын, экинчиси Кажы-Сай шаарчасындагы уран иштеткенден калган уу калдык сактоочу жайдын экинчи этабын бүткөрүү керектигин белгиледи.
Мындан улам, эл өкүлү: "Мына ушул экөө жарылса көлдү жабыш керек. Эки жылдан бери какшап келе жатам. Өзгөчө Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды чыпкалап тазалоочу курулма толду, эгер тез арада тазаланбаса, ал жарылса Асман шаарын салыштын, Караколго аэропорт салгандын мааниси жок. Туризмди ошону менен көмүп койсо болот",-деп коңгуроо какты...
Ырасында, Чолпон-Ата шаарынын саркынды сууларды чыпкалап тазалоочу курулмасын тазалай албай жатып, Асман шаарын салыштын мааниси барбы? Мурдубузга карап бышкырып, төшөгүбүзгө карап бут сунсак болмок.
Алмаз Темирбек уулу
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат.
Булак: NazarNews.kg