www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин өлкөдөгү мусулмандарды Курман-айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирет.
Путиндин айтымында, бул майрам терең адеп-ахлактык, руханий мааниге ээ, коомдо жакшылыктын, ырайымдуулуктун жана адилеттүүлүктүн идеалдарын бекемдөөгө кызмат кылып келет.
"Россиянын мусулман коомчулугу өлкөнүн жашоосунда чоң жаратмандык ролду ойнойт. Улуттар аралык жана диндер аралык тынчтыкты бекемдөөгө, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоого, өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого олуттуу салым кошуп келишет", - деди ал.
Путин учурда мусулман жоокерлер ата-бабаларынын тарыхый, руханий, патриоттук салттарына таянып, атайын аскердик операциянын жүрүшүндө тайманбастыгын жана эрдигин көрсөтүп жатышканын белгилеген. Жолдоштору менен катарлаш туруп Россияны коргоп келишерин айтты.
Булак: NazarNews.kg