www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдөгү көлдүн жээгиндеги тосулган тосмолорду алуу иштери жүрүп жатат. Буга жергиликтүү эл ыраазы. Президенттин бул буйругу карапайым калкка көлгө акча төлөп кирүүгө болгон пансионаттардын кызыл кулактык ач көздүгүнө бөгөт койду. 

Бирок, президенттин буйругун тоготпой дале болсо, көлдү тосуп алган тосмолорун алдырбай собатаж жасаган көпөстөр дагы жок эмес. 

Мына айталы, "Радуга" жана "Карвен" пансионаттары пляждагы тосмолорду алууга каршы чыгып жатышат. Ал түгүл кол топтоп, президентке кайрылуу жасап жиберишкени айтылды. Булар үчүн карапайым элдин укугу бир тыйын экен. Эптеп элди өз көлүнө да түшүүгө киргизбей, акча алыш керек тура. 

Эми бул эки пансионаттын тарыхына токтолсок, кезинде "Радуга" пансионаты өмүр бою эркининен ажыратылып Белоруссияда качып жүргөн кылмышкер Данияр Үсөновго тиешеси бар эле, "Карвен" пансионатында коррупцияга айыпталып Америкага качып кеткен Аскар Шадиевдин үлүшү бар экени белгилүү. 

Анан ушундай баскан издери мандемдүү, ишмердүүлүгү кылмышка шектүү адамдар менен байланышы бар пансионаттар оозун чоюп жатышканы таң калтырат. Ысык-Көл булардын чоң аталарынан мураска жеке менчикке өткөн эмес да! Булардын жайына койсо, көлдү да менчиктеп, президентти киргизбей койгондон кайра тартчу түрлөрү жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости