www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова 13 жашар кызды зордуктагандарга карата сот чечими боюнча маселени көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-декабрда парламенттин жыйынында билдирди.

«Биз дайыма балдар биздин келечегибиз деп айтабыз. Маалымат каражаттары 13 жашарга каршы болгон сот чечим чыгарды. Билем биз соттун ишине кийлигише албайбыз. Бирок бул иш боюнча маалымат алышыбыз керек.

Тийиштүү органдарды чакырып бул маселени талкуулайлы. Кичинекей баланын тагдыры сындырылды. 3 зөөкүрдүн бирөөсү гана отургузулду. Бүгүн бул маселени кароого жетишпесек эртең карайлы», - деди ал.

Вице-спикер Мирлан Бакиров бул маселе алгач комитетте каралып, анан палатага чыгышы керектигин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости