www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламентте бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды

Бүгүн, 13-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Жыйынтыгында бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды.

Биринчи окууда:

  • “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 18.01.22деги № 19 токтом);
  • “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи –Министрлер кабинетинин төрагасы, 01.11.21деги кир.№ 6-15489/21).

Экинчи окууда:

  • “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, кир. № 6-9533/21, 29.06.2021);
  • “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.03.21деги № 96 токтом);
  • “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.11.17деги № 765 токтом);

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости