www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү журналист Канышай Мамыркулова министрлер кабинетинин башчысы токуган Токтомдон улам элдин көз жаздымындагы "афёранын" бетин ачканын билдирди.  

Айтымында, "Акылбек Жапаров кол койгон токтомго ылайык 2020-жылы Казакстанда курулган аты жыты жок компания Электр станциялар ачык акционердик коомунан 526.6 млн киловат электр энергияны бизге көмүр жеткирип берүү үчүн алат.

Ошондой эле, "Esentai Exim Trade” деп аталган бул компания зарыл болгон көлөмдөгү көмүрдү сапаттуу жана талаптагыдай жеткизип берүүнү милдеттенет. Эгер 526.6 млн килловат электр алса, жылына 1 млрд доллар пайда көрөт", - деди журналист.

Канышай Мамыркулованын толук пикирин төмөнкү видеодон көрө аласыздар.

Эске сала кетсек, 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн айрым маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаровдун токтому жарыкка чыккан.

Токтомдо, "Электр станциялар" ачык акционердик коомун финансылык жактан жакшыртуу, Бишкек шаарынын ЖЭБине импорттук көмүрдү үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Жеткирүүнүн графигин так сактоо менен зарыл болгон көлөмдөгү жана талаптагыдай сапаттагы көмүрдү жеткирүүгө "Esentai Exim Trade" жоопкерчилиги чектелген шериктиги тарабынан кепилденген милдеттенме болгон учурда, "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун "Esentai Exim Trade" жоопкерчилиги чектелген шериктиги менен 525,6 млн кВтс жылдык көлөмдө 60 MBT сааттык көлөмдө электр энергиясын үзгүлтүксүз жеткирүүнүн ордуна “Д” маркасындагы 650 мин тонна көлөмдөгү көмүрдү Бишкек шаарынын ЖЭБине жеткирүү тууралуу өз ара аракеттенүүсүнүн бартердик принциби жактырылсын.

2. Бишкек шаарынын ЖЭБинин муктаждыктары үчүн бюджеттик кредитти алуу жолу менен "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна 650 мин тонна көлөмүндө көмүрдү сатып алууга арналган каражаттар Бала-Саруу ГЭСинин курулушунун долбоорун ишке ашырууга кайра багытталсын.

4. Бул токтомдо көрсөтүлгөн маселелерди иштеп чыгуу, ошондой эле жетишилген келишимдерди сактоо үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын энергетика министри жеке Д.Дж.Бекмурзаевге жана Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталышта Президентинин экономикалык иш жана кеңешчиси, "Кыргыз Республикасынын башкармасына караштуу Социалдык административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция" мекемесинин директору М.Т. Турсунбековго жүктөлсүн.

5.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн", - деп жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости