www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда доллардын баасы кескин арзандады

Кыргызстанда доллардын курсу түштөн кийин эки сомго төмөндөдү. Бул туурасында Valuta.kg сайтында маалымдалат.

Бүгүн эртең менен долларды 86,1 сомдон сатып алып, 87,1 сомдон сатып жаткан. Ал эми саат 16:00гө карата акча алмаштыруучу жайларда жана банктарда АКШ валютасын сатып алуу 84 сом, сатуу 85 сомдон болууда.

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден кийин Европа өлкөлөрү жана АКШ Орусияга бир катар экономикалык санкция салгандыктан, рублдин куну түшүп, доллардын баасы өсүп кеткен.

Анын таасири Кыргызстанга да тийип, акыркы жылдары 85 сомдун тегерегинде кармалып турган доллар 106 сомго чыккан.

Соңку аптада валюта рыногунда абал олку-солку болуп турат. Өткөн аптада доллардын сомго карата баасы 7% чейин арзандаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости