www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр боюнча келишимдин үстүнөн иштеген адистер кандайдыр бир алешемдикке жол беришпеди деп ойлойм», - деди бүгүн, 13-апрелде, NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Абдырахман Маматалиев

- Абдрахман агай, Кумтөргө 100 пайыз мамлекет ээлик кылып, биз уттук десек, айрымдар утулдук деген кептерди кыйыта башташты. Биз уттукпу же утулдукпу?

- Бул келишимди чоң жеңиш катары баалаганыбыз туура. Дегеле, мындан ары Кумтөр кени толугу менен мамлекетке өткөнү, казылган алтындын баары өзүбүздө калып, мамлекеттин, элибиздин менчиги болоору, албетте, тарыхый окуя!

Мен ойлойм, келишимдин үстүнөн иштеген адистер мамлекеттин, кыргыз элинин кызыкчылыгын гана жетекчиликке алышып, кандайдыр бир алешемдикке жол беришпеди деп.

Мындай мамлекетибиздин, элибиздин келечегин аныктай турган, өтө маанилүү келишимди даярдоого колу таза, жолу таза, жогорку деңгээлдеги патриот адистер гана катышуусу керек экенин Президен деле жакшы билсе керек. Жакшылыктан үмүт кылып, мындан ары өлкөбүздүн гүлдөп өсүшүн тилек кылып туралы!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости