www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан парламентинин мажилиси жалпы жыйында "Семипалатинск өзөктүк коопсуздук зонасы жөнүндөгү" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Семипалатинск полигонунда өзөктүк коопсуздук зонасын түзүүнү караган документти депутаттарга өлкөнүн энергетика министри Болат Акчулаков тааныштырды.

Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, мыйзам долбоорунун башкы максаты "радиациялуу жана таза жерлерди бөлүү, булганган аймактарда радиациялык коопсуздукту камсыздоо, аймакты реаблитациялоо жана полигондун жерин колдонуу маселесинде мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү" болуп эсептелет.

Атайын зона экологиялык иликтөө жана экспертизалардын жыйынтыгы менен булганган тилкелерде түзүлөт.

Мыйзам долбоору радиоактивдүү заттардын таралышын чектөөгө, Семипалатинск өзөктүк зонасын радиоактивдүү калдыктарды чогултуу жана утилизациялоо аркылуу реабилитациялоого, радиоактивдүүлүктүн деңгээлине тынымсыз байкоо жүргүзүүгө багытталган.

Семипалатинск өзөктүк коопсуздук зонасы үчүн казак өкмөтү 2027-жылга чейин республикалык бюджеттен 3,5 миллиард теңге бөлүүнү караштырууда.

Семипалатинск полигону 1991-жылы жабылган. Ал иштеп турган 40 жыл аралыгында совет бийлиги кеминде 468 жолу өзөктүк куралын сынаган. Полигонго жакын жайгашкан калктуу конуштардын тургундары азыркыга чейин радиациянын кесепетинен пайда болгон оорулар менен жабыркап келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости