www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын өзүнүн тапталган жолу бар, Грузияда парламенттик шайлоодо тосмону алып салышты, ал эми кыргыздарда тосмону алып салса 200дөн ашык партия бардыгы жулунуп шайлоого келишмек. Кыргызстанда азырынча 9 пайыздан өткөн партия гана парламентке келе алат. Эми кайсы партия келиши мүмкүн?

1. Президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам боюнча эч бир партияга кирип же колдошуна тыюу салынган. Лекин, анын айлана-чөйрөсү, айрыкча ЖК депутаты Асылбек Жээнбеков СДПК партиясынан чыккандан бери, чечүүчү күч дешип, көпчүлүктүн оозу аңырайып ошол тарапты карап калган.  Парламент жайкы өргүүдө жүрөт, күзүндө Асылбек Шарипович бир партияны тандайт, же жаңы партия түзөт, божомол менен Асылбек мырза кайсы партияга барса, ошол партия парламентке өтөт.

2. СДПК- “Ак Жолдон” кийин СДПК бийлик башында турду. Бирок Кыргызстан оңуп деле кеткен жок. Азыр СДПКда бөлүнүп-жарылуу иштери жүрүп жатат. Парламенттик шайлоодо негизги сокку СДПКга урулат. Ал эмес шайлоочулардын башын айлантуу үчүн парламенттик шайлоого бир эмес, эки СДПК катталышы мүмкүн.

3. “Ата-Мекен” –лидери Текебаев камакта, 16-июлда анын иштери каралат. Эгер Текебаев бошотулбаса, оппозицияга өтөбүз деген сөздөр чыгууда. Текебаев камактан бошосо 2020-жылы парламенттик шайлоодо өлдүм-талдым 9 пайыз босогодон өтүшү мүмкүн. Текебаев камакта калса, бул партия өтпөйт.

4. РАЖ- “Республика-Ата-Журттун” таттуусун Өмүрбек Бабанов пайдаланды. Ташиев болсо муштумун “Өнүгүүгө” көрсөтөм деп парламенттен сыртта калган. Кырдаал оор Бабанов Кыргызстанда жашабаган үчүн шайлоодон четтеп калышы мүмкүн, Ташиев “Ата-Журтту” көздөп турат, ал кайсы бир партия менен бирикпесе 9 пайыздык тосмодон өтүш оор.

5. “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” болуп жатат. Ушундай чалкеш заманды бир пайдаланса “Бир бол” пайдаланды. Шопур Алтынбек Сулайманов кожоюну Рустам Мамановду ойлобой калган, анткени ал камакта. Алтынбек Сулайманов азыр бийликтин бир бучкагын чоюп турат. Ал көп нерсеге деле жарабайт, партияны партия кылган медиа –менеджер Досалы Эсеналиев партиядан “кийик уулап” бийикке кеткен. Досалы Эсеналиев жок 9 пайыздык тосмодон, Акылбек Жапаровду паспортту менен миң ирет сатса да өтүш кыйын.

6. Шаки баштап Атамбаевдин тизмеси менен келген “Кыргызстанды” азыркы бийлик колдобосо өтпөйт.

7. “ Өнүгүү-Прогресс” “биссимилдасын” айтып коммунист Исхак Масалиевдин аркасы менен парламентке өткөн. Азыр Исхак Масалиевдин басыгы жакшы, Бакыт Төрөбаев Бабановду колдойм деп бир аз аксап алган. Шайлоодо мунун бары эскерилет.

8. “Эмгек” –Аскар Мааткабылович “Бүтүн Кыргызстан” менен эми бирикпейт. Азуусу бир жолу сынган. Болжол менен бийлик тараптан жакшы сөз угуп, футбол боюнча орден алганына караганда бул ирет бийлик кайсы партияга басым жасаса ошону колдошу мүмкүн.

9. “Мекен ынтымагы” -9 пайызга жетпейт

10. “Бүтүн Кыргызстан” – Мадумаров үч ирет бир аз добуш менен парламентке да, президенттикке да  жетпей калган. Акыркы жолу 2017-жылы президенттик шайлоодо Бабановдон артка сүрүлүп калды. Электораты жакшы, лекин чамалуу.

200 дөн ашык партия бар барын санап отурбайлы.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости